2010-жылдагы Конституцияны “иштеп чыккандар” (Ө. Текебаев ж.б.) өлкөнү Негизги мыйзамдын кол коюлган түп нускасынан кантип куржалак калтырышкан?

26 октября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

…же эмне үчүн Убактылуу Өкмөттүн декретине референдумда кабыл алынган Конституцияга кол коюунун зарылчылыгы жоктугу тууралуу жобону киргизүүөлкөдө 2010-жылы расмий адамдардын кимдир-бирөөсү кол койгон Негизги мыйзамдын акыркы текстинин жок калышына алып келди...

... же Конституция бурмаланган жана алмаштырылып калган деген дооматтардын себеби эмнеде...

Бүгүн парламентте Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум жөнүндө маселени талкуулоо учурунда суроо туулду: эмне үчүн 2010-жылы ошол кездеги өлкө жетекчилиги расмий түрдө кол койгон референдумда кабыл алынган Конституция болгон эмес?

Тексттин түп нускасы “жоголуп кетиптир” деген сөздөр да болду.
Эл ичинде да бүгүн өлкө кайсы Башкы мыйзам боюнча жашап жатат деген суроолор пайда болду. Конституциянын жарыяланган тексти үчүн жеке жоопкерчиликти ким алат?

2010-жыл, 7-апрель. Убактылуу Өкмөттүн №1-Декрети Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасында 2007-жылы 21-октябрда референдумда кабыл алынган Конституция ушул декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө иштей бере тургандыгын тастыктады.

2010-жыл, 21-апрель. Убактылуу Өкмөттүн №13-токтому менен график жана референдумга даярдык көрүү үчүн жооптуу адамдар аныкталды. Көпчүлүк маанилүү пункттар боюнча жооптуу адам катары бир эле адамдын – Убактылуу Өкмөттүн Төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаевден аты-жөнү жазылган:
- Конституция долбоорун даярдоо –Текебаев Ө.Ч.;
- Конституция долбоорун талкуулоону уюштуруу – Текебаев Ө.Ч.;
- Конституция долбоорун жарыялоо – Текебаев Ө.Ч.;
- Конституциянын акыркы редакциясы - дагы эле... Текебаев Ө.Ч.

2010-жылдын 6-майы. 75 адамдан турган Конституциялык кеңешмени чакыруу. Ал, тилекке каршы, жыйынтыгында кеңешме мүчөлөрүнүн баары кол койбогонтекст даярдады. Азыр кеңешме мүчөлөрүнүн сунуштары канчалык толук эске алынганы же эске алынбаганы жөнүндө маселени мындай койолу. Алардын көптөрү, кийин эскерип айтышкандай, бул маселе боюнча жана Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана анын секретариатына (Нарымбаев Д.И.) нааразы болуп калышты. Бирок, эмнеси болсо да, долбоордун акыркы тексти Роза Отунбаеванын Убактылуу Өкмөтүнүн аппаратына жиберилет.

Баса, Конституциялык кеңешме, азыркы оңдоолорго каршы тарап айтып жүргөндөй, эки ай эмес, болгону 10 күн иштеген. Кеңешменин жана анын катчылыгынын ишин ПРООН жана ЕККУ эл аралык уюмдары каржылады. 
2010-жылдын 19-майы.Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жаңы Конституция боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө декретке кол койду.

Ушул жерде кызык эскертме бар: “Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кол коюуну талап кылбайт”. Ошол эле учурда эл тарабынан кабыл алынган Конституциянын акыркы текстин легалдаштыруунун эч кандай башка процедурасы алдын ала каралган эмес жана референдумдан кийин аны ким жарыялай турганы аныкталбаган. 
Башкача айтканда, 2010-жылы Башкы мыйзамдын акыркы тексти үчүн ким жоопкерчиликтүү экени аныкталбаган бойдон калган. Бул принцип, тактап айтканда, принципсиздик күн мурун киргизишкен.

Убактылуу Өкмөттүн жогоруда айтылган 2010-жылдын 21-апрелиндеги №13-токтомуна ылайык жоопкерчилик Убактылуу Өкмөткө, ал эми тагыраагы, Ө.Ч. Текебаевге жүктөлгөн. Жооптуу адам катары ал референдумдан кийин Конституциянын акыркы текстин кандайдыр бир жол менен расмий легалдаштыруу жөнүндө приниципиалдуу жобону киргизүүгө милдеттүү болчу.
Бирок 2010-жылдагы Конституцияны иштеп чыккандар муну алдын алышкан эмес...
2010-жылдын 20-майы. “Эркин Тоо” гезитинин №42 (1962)-атайын чыгарылган санында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору, “Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана Убактылуу Өкмөттүн референдум жөнүндү декрети баягы “кол коюуну талап кылбайт” деген фразасы менен кошо жарыяланды.

2010-жылдын 21-майы(датасы күмөн). Долбоорлорду жарыялоого шашылыш даярдашкандыктан, анда бир катар каталарга жол берилген. Ошондуктан№42 (1962)-атайын чыгарылыштын тиркемеси катары “Эркин Тоо” гезитинин дагы бир атайын чыгарылышы жарык көрүп, ал төмөнкүдөй кайрылуу менен ачылат: “Урматтуу окурмандар! “Эркин Тоо” гезитинин №42 (1962)-атайын чыгарылган санында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунун текстин басууга даярдоодо айрым техникалык жана редакциялык так эместиктер кетип калган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын төмөнкү беренелерин такталган жана оңдолгон текстин жарыялайбыз...”
Кийинчерек билингендей, текст толук тазаланбай калган.

2010-жылдын 27-майы. Ошондуктан “Эркин Тоо” гезитинин дагы бир атайын саны чыгарылып, “Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө” мыйзамга оңдоолорду киргизүү тууралуу Убактылуу Өкмөттүн Декрети жарыяланган. Анда – негизинен мамлекеттик тилдеги көптөгөн сөздөр жана туюндурмалар оңдолгон. Кийинчерек билингендей, бул жолу да одоно каталар жана орус тилиндеги текст менен ажырымдыктар толук тазаланбай калган. 
Маалымат иретинде: Долбоорго кийинчерек киргизилген оңдоолор эске алынган толук текстти Убактылуу Өкмөт референдумга чейин жарыялаган жок. Сыягы, эл өзү түшүнөт жана жарандар алгачкы текст менен кийинки бардык оңдоолорду айырмалап, бир текст жасап алышат деп чечишкен окшойт.
2010-жылдын 18-июну. “Эркин Тоо” гезити“Кыргыз Республикасындагы референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө” Убактылуу Өкмөттүн декретине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Убактылуу Өкмөттүн декретин жарыялайт. Бул документ июнь каргашалуу окуяларына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланган айрым аймактарда референдумду өткөрүүнүн маселелерин жөнгө салат.

2010-жылдын 27-июну. Өлкөдө референдум болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) анын алгачкы жыйынтыктары жана шайлоочулардын референдумга активдүү катышып жаткандыгын билдирди.
2010-жылдын 1-июлу. Акылбек Сариев башында турган БШК референдумдун жыйынтыгын чыгарган токтом кабыл алып:
- референдумдун жыйынтыктары тууралу протоколду бекитет;
- референдумдун өткөнүн тааныйт;
- Конституцияны жана аны ишке киргизүү жөнүндө мыйзамды тааныйт;
- Конституцияны ишке киргизүү жөнүндө мыйзамга тиркелген Өткөөл мезгилдин Президенти жөнүндө Жобону аткарып, Роза Отунбаеваны өлкө Президенти катары каттайт. 
Мына ушул жерде укуктук коллизия келип чыгат: Роза Исаковнаны өлкө Президенти кызматына каттоо үчүн адегенде өткөөл мезгилдин Президенти кызматын орноткон жобо тиркелген мыйзамдын күчүнө киришин күтө туруу керек эле. 
Башкача айтканда, Р.И. Отунбаеваны Президенттик кызматка каттоону референдумдун жыйынтыктарын жарыялагандан кийин гана ишке ашыруу керек болчу...
Референдумдун жыйынтыктары ошол эле күнү – 2010-жылдын 1-июлунда БШКнын расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирди деп эсептегенде деле Президентти каттоо үчүн эч болбосо, жарым сааттан кийин БШК мүчөлөрүн кайра чогултуп, ошондон кийин гана чечим кабыл алуу керек эле. Болгондо да өзүнчө токтом менен...
Дүйнө жүзүндө кабыл алынган мыйзамдын күчүнө кириши үчүн ал Интернетте эмес, расмий басма сөз органында жарыяланууга тийиш деген норма колдонулат...

2010-жылдын 2-июлу. БШК референдумдун жыйынтыктарын “Эркин Тоо” гезитинде жарыялап, Конституциянын жана аны күчүнө киргизүү жөнүндө Мыйзамдын кабыл алынгандыгын тааныды.
Бирок бул жерде дагы бир коллизия бар. Анда референдумдун эң башкы натыйжасы – Конституциянын текстинин жарыяланбай калганын көптөр байкабай да калышты...

Президент Р.И. Отунбаеванын инаугурациясы 3-июлда болду, ал эми жаңы Конституция 2010-жылдын 6-июлунда гана расмий жарыяланды. Коллизиябы?
2010-жылдын 3-июлу. Улуттук филармонияда өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаеванын инаугурациясы өтүп жатты.
Ушул жерден “Жаңы Конституцияга ылайык...” деп жазгым келген. Бирок жогоруда айтылган жагымсыз ньюанс бар. Роза Исаковна юридикалык күчүнө кире элек Конституцияга жана Мыйзамга ылайык убактылуу мамлекет башчысы кызматын ээлегенби?.. 
Конституцияны ишке киргизүү жөнүндө Мыйзамда ал “референдумдун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет” деп жазылып турат. Деги “расмий жыйынтык” деген эмне? Бул жөн эле сандарбы, же эл референдумда колдоп, добуш берген Конституцияны да кошо жарыялообу?

2010-жылдын 6-июлу. Салтанаттуу инаугурациядан кийин 3 күн өткөн соң... “Эркин Тоо” гезитинин №61 (1981)- атайын чыгарылышында Конституция жарыяланды.

2010-жылы күчүнө кирген Конституцияга ылайык, кайсы гана мыйзам болбосун “расмий басма сөз органында”, башкача айтканда,“Эркин Тоо” гезитинде жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет. Бирок ага чейин, 2007-жылдагы Конституция боюнча, мыйзамдардын мамлекеттик органдардын интернет-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кириши мүмкүн болгону чындык.
Ал эми урматтуу Роза Исаковна президенттик антты кайсы Конституция боюнча берди? Али күчүнө кире эле Конституция боюнчабы? Же 2007-жылы кабыл алынган Негизги Мыйзам боюнчабы? Албетте, муну жөн гана шарттулук катары кабыл алып койсок деле болмок, бирок, бул окуя 2010-жылы жаңы Конституцияны илгерилеткендердин өтө маанилүү юридикалык процедураларга карата жеңил мамилесин мүнөздөп турат.
Текебаев жана анын жардамчылары бардык ушул коллизияларды атайылап жасады дебейли. Балким бул шашкандыктын жана катачылыктардын жемишидир. Бирок кандай болгон күндө да алар Роза Отунбаеваны ыңгайсыз абалга коюп коюшту. Ошондуктан анын легитимдүүлүгү тууралуу күмөн саноолор жана Конституцияны “алмаштырып коюшту”, “өздөрүнө ылайыктап оңдоп коюшту” жана “түп нускасын жоготуп жиберишти” деген сыяктуу ушак-айыңдар, мунун тегерегинде ар кандай кызыл кулактык кылгандар пайда болду.
Андан бери 4 жыл өттү...
2014-жыл, июнь айы. “Укук-ченемдик актылар жөнүндө” мыйзамдын долбоору Конституциянын текстиндеги “каталардын үстүндө иштөөнүн” акыркы баскычы болду. Мыйзам боюнча биздин өлкөдө укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик тилдегиси негизги болуп эсептелет. Бирок кийинчерек билингендей, референдумда кабыл алынган Конституциянын так ушул кыргызчасында одоно каталар кеткен. Мына ошол карама-каршылыктарды жоюунун тегерегинде 4 жыл бою талаш-тартыштар болуп келди. Акыры айла кеткенде 22 учурда Конституциянын орус тилиндеги текстинин кыргызча тексттин үстүнөн үстөмдүк кылаарын таанууга туура келди. 
Муну кандай түшүнүп, кандай кабыл аларын ар ким өзү чечсин.

2010-жылдагы Конституциянын түп нускасына Р.И. Отунбаева да, Ө.Ч. Текебаев да, БШК төрагасы да кол койгон эмес...
Негизги Мыйзамдын акыркы тексти үчүн жоопкерчилик Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орунбасары Өмүрбек Текебаевге жүктөлгөнү белгилүү. Ал өзү өткөн жумада жоопкерчиликти БШК төрагасына оодара салгысы келди эле, ошол замат экс-төрага Акылбек Сариевдин тескери жообун укту.

Жыйынтыгында, 2010-жылдагы референдумдун демилгечилери жана уюштуруучулары өлкөнү эл кабыл алган Конституциянын кимдир-бир расмий адамдын колу коюлган нускасынан куржалак калтырышты.
Колдо бар расмий документтер:
1). Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүндө каралган, “Эркин Тоо” гезитинин 2010-жылдын 20-майындагы санына жарыяланган жана референдумга чыгарылган (Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 19-майындагы №40 Декрети)Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору.
2).“Эркин Тоо” гезитинин 2010-жылдын 27-майындагы санына жарыяланган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна оңдоолор (Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 26-майындагы №52 Декрети).

Эскертүү: Бирок, бул жерде да проблема бар. Текебаев Ө.Ч. ар кандай расмий жыйындарда Убактылуу Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүнүн колу коюлган Конституциянын долбоорунун “түп нускасын” көрсөтүп жүрөт. Бирок Убактылуу Өкмөттүн архивинде бул документтин көчүрмөсү эле бар. Анда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн да, катардагы чиновниктердин да, эч кимдин колу жок. ЧындыгындаУбактылуу Өкмөттүн мурдагы мүчөсү Ө.Ч. Текебаевдин колундагы документ кимдир бирөөнүн карамагында эмес,архивде сакталышы керек болчу. 
Кандай себептерден улам Текебаев Ө.Ч. бул маанилүү мамлекеттик документти Убактылуу Өкмөттүн архивине өткөрбөй койгону табышмак бойдон калууда. Же ал өзү бул маселенин башын ачып, түшүнүк береби?

Конституциянын бирдиктүү текстине референдумга чейин да (акыркы долбоор катары), референдумдан кийин да (эл тарабынан кабыл алынган документ катары) расмий адамдардын эч кимиси кол койгон эмес.

х х х
1993-жылдагы Конституциягаошол кездеги мамлекет башчысы “легендарлуу парламенттин” бардык депутаттарынын катышуусунда, салтанаттуу кырдаалда кол койгон. 2010-жылдагы Конституциядан башка бардык жаңы кабыл алынган Негизги Мыйзамдын редакцияларына өлкө Президенти кол койгон. 
2010-жылы Конституцияга расмий кол коюу аземин өткөрбөй эле коюуну чечишиптир. Тилеккке каршы...

Жыйынтыктар:
Жыйынтыгында Конституциянын тийиштүү кызмат адамдарынын колу коюлган “түп нускасы” жок болуп чыкты. Формалдуу түрдө мыйзам бузулган эмес (эсиңизде болсо, “Конституция“кол коюуну талап кылбайт”). Бирок иш жүзүндө юридикалык процедураларды этибарга албоо жана шайлоочуларды сыйлабагандык көрүнүп турат.

Конституциянын түп нускасы катары эки документти – Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 19-майындагы №40 Декрети менен референдумга чыгарылганКыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоору жана Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 26-майындагы №52 Декрети менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбооруна оңдоолор.

Конституциянын легитимдүүлүгү анын текстинин “Эркин Тоо” гезитинин 2010-жылдын 6-июлундагы санында жарыяланышы менен бекемделет. Бул Конституция расмий түрдө күчүнө кирген жана ал боюнча өлкөбүз 6 жылдан бери жашап жатат.
Бирок расмий түрдө кол коюлбаса да, Убактылуу Өкмөттүн эң жогорку жетекчиси тарабынан визаланган, бүткүл элдик добуш аркылуу кабыл алынган Конституциянын бирдиктүү текстинин жоктугу кийинчерек анын ар кайсы басылмаларда ар түрдүү болуп, чаташууга алып келди. Сөздүн түз маанисинде бул укуктук мамлекеттин принциптерин этибарга албагандык болуп калды.
Шашмалык, укуктук нигилизм, жалпы кабыл алынган процедураларды этибарга албоо – азыркы Конституциянын “аталарынын” 2010-жылы кылганы ушул болду. Элдин эркинде шек жок, бирок ар кандай кызыл кулактыктарга жана шек саноолорго жол берүүнүн канчалык кажети бар эле?

Белгиленген кемчиликтер 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда оңдолушу мүмкүн. Азыр Жогорку Кеңеш тарабынан талкууланып жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда иштеп жаткан Президентке оңдоолор жөнүндө мыйзамга кол коюу эле эмес, ошондой эле азыркы киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жана 2010-жылы Конституциянын кыргыз жана расмий тилдердеги варианттарында кетирилген катачылыктар оңдолуп жазылган Конституциянын расмий жаңы текстин жарыялоо милдети да жүктөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Источник: kabar.kg