Конституциянын түп нускасы юстиция министрлигинде катылганбы?

19 октября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Учурда 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзамдын түп нускасы кайда жоголгон деген суроо башкы маселеге айланды. Азырынча анын кайда катылганы эч кимге белгисиз. Бирок, белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында ал юстиция министрлигинде катылган. Бул тууралуу ал борбор калаабызда берген маалымат жыйынында билдирди.

“Эгерде Башкы прокуратура сапаттуу иликтөө жүргүзсө, түп нуска бар – юстиция министрлигинде катылган. Ким тарабынан катылганы жалпыга маалым – анын ичинде Алманбет Шыкмаматов (мурдагы юстиция министри) жана учурдагы министр Жылдыз Мамбеталиева. Конституциянын тексти жарыяланган “Эркин Тоо” гезитинин эки түп нускасы бар, алар менде, парламенттин китепканасында жана президенттин администрациясында бар. Биз түп нускасы баары бир табабыз жана андан ким, кандайча кол койгону билинет. Бирок, суроо башкада – мунун баары эмнеге жасалып атат?”, — деген сурону коет ал.

Кайра эле бул суроосуна өзү мындайча жооп берген: “Биздин олигархтардын акчасы салынган компанияларды оңой эле басып алуу үчүн жана мурдагы бийлик өздөрүнүн бардык активдерин оңой эле алып кетүүсү үчүн жасалууда. Конституция маселеси Максим Бакиевге каршы доо арыздары каралып башталганда көтөрүлүүдө жана Конституциянын түп нускасына негиздеш керек. Андыктан Максим Бакиевдин иши жашап атат жана өсүүдө”.

Андан ары Токтайым айым: “Конституциядагы эң башкы текстти алмаштыруу – Кыргызстандын элинин “табигый жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата” укугунун жоголушу. Бул сөздөрдүн жоголушу менен биз экологиялык конвенциялар боюнча эл аралык коргоо укугун жоготконбуз жана бүгүнкү күндө биздин биосфераны эч кандай жазасыз жок кылып аткандарга карата эшигибизди ачык бойдон калтырганбыз”, — деп оюн улайт ал.

Ошондой эле Токтайым айымдын айтымында Конституциянын текстин алмаштырып салуу – бул дүйнөдөгү биринчи прецедент. Кыргызстан мында Афганистандагы террордук топторду каржылаган алдамчыларга утулуп калган.

Ал 2010-жылдагы Конституциянын текстинин кыргызча версиясына ишеним бар болгонун, бирок 2013-жылы түп нускаларда каршылыктар болсо, орус тилиндеги тексти түп нуска деп саналсын деген мыйзам чыкканын айтат.

“Андыктан кылмышкерлер этникалык боегу бар, анын баалуулуктарын жашырган жана мамлекеттик жок кылууга аракет кылган маселелерди көтөрүп, КР Конституциясынын 41-беренесинен баш тартуу аркылуу эл аралык коомчулук менен карама-каршы коюп атышат. Эми Максим Бакиев өзүнүн салтанаттуу иштерин уланта берет, ондогон доо арыздарды эл аралык сотторго берип жана өзүнүн “Азия кенчи” долбоорун жүзөгө ашыра берет”, — дейт ал.

Источник: focus.kg