Текебаев саясаттагы жашоосуна “канжар” уруп алдыбы?

13 октября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Акыркы бир нече айда эле “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев катуу өзгөрдү. Мурда болуп көрбөгөндөй ачуулуу дагы, апыртмачы дагы болуп кетти. Мындан улам коомчулукта: “Текебаев алжып калдыбы, кыязы мээси чарчаган го, саясатта эле 25 жылдан ашык убакыт жүрүү оңойбу?” дегендей суроолор жарала баштады. Кече 11-октябрда өткөргөн маалымат жыйынынан кийин дагы мындай суроолор арбыды. Ал суроолордун эң башкысы – бул эмне болду: саясый харакири (япон самурайларынын өз курсактарын канжар менен сайып өлүшү) же саясый суицид болдубу деген суроо болду.

Саясат таануучулардын пикири боюнча мунун биринчиси эмес. Себеби харакири – бул жашоодон билип туруп, аң-сезими менен эле кетүү болуп саналат. Муну чыныгы жигиттер башка жолу калбагандыктан, кимдир-бирөөдөн утулганын мойнуна алуу менен жасашат.

Ал эми Текебаевдин кечеги маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн мындай маанай байкалбайт. Андыктан ал жыйынга катышкан журналисттер жана айрым саясатчылар: “Текебаевдин бүгүнкү кадамы – өспүрүмдөрдүн суицидиндей эле болуп калды” деген баасын беришти.

Себеби Текебаев өзүнө-өзү көйгөй ойлоп тапты, өзү менен өзү сүйлөштү дагы “өлтүргөнү атышат” деген “кыйкырыкты” салды. Болбосо, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч туулбай эле турганын коомчулук көрүп эле турбайбы. Ушул жерден Текебаевдин сөзү батыштын жүргүзүп аткан саясаты менен үндөшүп кетип атат.

Мисалы 10-октябрда батыш элчиликтери Кыргызстанда теракт коркунучу бар экендигин билдиришти. Анын эртеси эле аренага “Ата-Мекен” лидери чыга калып, батышчыл провокацияны учурдан пайдалана кармай калып, кырдаалды курчутуу аракетине өттү.

Мындан сырткары ал Кыргызстандын элинин коопсуздугун ойлоп аткандай түр көрсөтүп, террордук актыларды кыргыз бийлиги ойлоп чыгарды дегендей кытмыр оюн кылыйтты. Болгондо да “мени өлтүрүш үчүн…” дегендей боекту сүртөт. Мындан улам Текебаевдин оюнан чыгарылган схема мындай болуп жаткансыйт – анын өмүрүнө бийлик адамдары кол салат дагы, ал эми жоопкерчиликти террористтерге жүктөп салышат.

Коомчулуктун башын мынчалык айландырууга Текебаевге ким уруксат берди? Өзүнүн жарандарына каршы террордук актыны бийлик өзү уюштуруп жатат деген айыптоону атайылап чыгарууга карата кылмыш жоопкерчилиги каралабы, же жокпу так билбейбиз. Муну юристтер чечиши керек. Ал эми моралдык жактан алып караганда – бул ачык эле элге каршы жасалган кылмыш болуп саналат. Бул маселе боюнча атайын кызмат алектениши керек. Себеби алардын колунда бардык карта бар. Ал эми биз болсо Текебаевдин апыртмалары акыйкат иликтенет деп ишенип туралы.

Кыязы саясат таануучулар айтып аткан Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу боюнча сырттан финансылык колдоо алган долбоор жасалганы турат деген кептин чындыгы бар окшойт. Болгондо да айрым эксперттердин айтымында мындай “долбоор” октябрь айынын аягына чейин жасалышы мүмкүн. Дал ушул убакыт аралыгында АКШ жана Британия элчиликтеринин маалыматы боюнча Кыргызстанда бийлик өкүлдөрүнө каршы адамдарды уурдоо жана барымтага алуу менен коштолгон каршылык акциялары өтөт.

Андыктан батыш уюмдары бейөкмөт уюмдарды колдоого алуу менен жасап аткан аракеттеринин айрым оппозициячылдардын аракеттери менен үндөшүп кетип атканына көңүл бурбай коюу мүмкүн эмес.

Текебаевдин 11-октябрдагы сүйлөгөн сөзүнө кайрадан кайрылалы. Анын сөздөрү кандайдыр бир актануу ыкмасына да окшошуп турду. Бул жагдай “Ата-Мекен” лидери жана анын бир тууган инисинин сепаратисттер менен байланышы бардыгы тууралуу козголгон кепке байланыштуу. Мындай фактылардын бар экендигин эл билип турса, Текебаевдин көкүрөгүн муштагылап, фактыларды тануу аракетин кандай түшүнсө болот? Түшүнүү кыйын. Түшүнүктүүсү мындай, саясый самурай мындай кадам жасамак эмес. Ал эгерде чыныгы эркек болгондо, саясый сахнадан сыйы менен эле кетип калмак, жеңилгенин жана доору өтүп кеткенин моюнга алуу менен.

 
 

Источник: egemen.kg