Түзөтүү

19 сентября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кечээ парламенттин 5-чакырылыштагы активдүү депутаттарынын бири Жылдызкан Жолдошевадан биздин кабарчылар маек алып, ал сайтыбызга жайгаштылырган. Биздин кабарчыбыз жаштык кылып, бир аз катачылык кетиптир. Анда “Азыр Текебаев кандай гана айыптоолорду айтпасын анын сөзүнө элдин көбү ишенбейт, мен эмес, элдин баары эле июнь окуясына, ошол эле Батыровдун качышына Текебаевди күнөөлөп жүрөт Өмүрбек Текебаев боюнча айткандарым чын чыгып жатат” деген сөздү Жылдыз Айтбаевна айткан эмес. Бизден редакциялык ката кетти. Жолдошева таасирдүү саясатчы катары биздин жаш кабарчыбыздын калпыстыгын кечирет деген үмүттөбүз.

Источник: egemen.kg