“Конституция бизди бөлүп-жарбай, тетирисинче бириктирүүгө тийиш!”

30 августа 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнун кайрылуусу 

Урматтуу Мекендештер! 

Ардактуу Кыргызстандыктар!

 Чейрек кылым - бул жеке адамдын тагдырында гана эмес, мамлекеттин тагдыры үчүн дагы аз мөөнөт эмес. Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктайбыз! 

Бул убакытта биз көз карандысыз мамлекет катары калыптанып, өлкөбүз эл аралык уюмдардын толук кандуу укуктуу мүчөсү катары демократиялык жана укуктук мамлекеттин пайдубалын түптөй алды. Улуттук экономикабыз өнүгүү жолуна түшүп,  дүйнөлүк экономикада өз ордун тапты. Бизде күчтүү жарандык коом жаралып, сөз эркиндиги жана ой-пикир плюрализми бекемделди. Намысты бийик тутуу, мекенчилдик, эркиндикти аздектөө жана акыйкаттыкка умтулуу биздин улуттук мүнөздүн өзгөчөлүктөрү болуп калды. 

Борбордоштурулган экономикадан рынок экономикасына, тоталитардык башкаруудан демократияга өтүү биз үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Мамлекет башында тургандардын жеке кызыкчылыктары коррупция менен жеке пайданы коомдук идеологияга, анын ички өзөгүнө айлантты. Келечекке карай ишенимдин жоголушу, жалпы жумушсуздук миграциянын толкунун күчөтүп, миңдеген мекендештер сырт жакка кетүүгө мажбур болушту. Жеке кызыкчылыктар коомдун ички ажырымын күчөтүп, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин чектелиши, оппозициялык ишмерлердин куугунтукталышы, мамлекеттик бийликтин бир гана президенттин колуна топтолушу элдин нааразычылыгына жана толкундоолорго алып келди. Натыйжада биз эки жолу тагдыр чечүүчү учурду баштан өткөрдүк: 2005-жылдагы март революциясында Конституцияны өз калаганындай өзгөртүп, бийликти жеке басып алган президентти эл кубалап чыкты, ошондой эле 2010-жылкы апрель революциясында дагы элге берген антты бузуп, өлкөнү талап-тоногон, бейкүнөө мекендештердин канын төккөн экинчи президентти да эл кубалады. 

Элдин эркиндиги үчүн шейит кеткен баатырлардын жаркын элестерине таазим этип, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого негизделген демократиялык, эркин мамлекет куруу ниетин билдирип, кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө карай бийик эрк жана бекем ишеним көрсөтүп, эгемендүүлүктү жана элдин биримдигин көздүн карегиндей сактоону максат кылып,  мыйзамдуулукка, социалдык адилеттүүлүккө, экономикалык бакубаттуулукка жана элдин руханий өсүшүнө  умтулуп,  ынтымакта жашоо жана табийгатка этият мамиле кылуу үчүн ата-бабалардын бизге калтырган осуятын эске алуу менен 2010-жылы Кыргызстан калкы жаңы Конституцияны кабыл алган. 

Учурда бул Конституцияга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети болуп жатат. 

Ушул себептен улам биз,  2010-жылы түзүлгөн кырдаалга ылайык өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүү максатында тарыхый жана саясий жоопкерчиликти өзүнө алган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, өзүбүздүн пикирди ачык айтууну туура көрдүк.

 Азыркы Конституция мурдагы бийлик түзүмү айыгышкан каршылык көрсөтүп, ок атылып, элдин бейкутчулугу бузулуп турган учурда кабыл алынган. Кайрадан бийликке келебиз деген күчтөр аянышкан жок, аларды өлкөнүн бүлүнүшү, бөлүнүп жарылышы, көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйган улут аралык кагылыш да токтото алган жок. Бирок, бир адамдын жеке бийлигин, мыйзамсыздыкты жана өзүм билемдикти орноткон бакиевдин Конституциясы коомдун талабына жооп бербейт эле. Мындай кырдаалда  конституциялык реформа жасоо, жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн өткөрүлгөн референдум конституциялык мыйзамдуулукту жана коомдогу туруктуулукту калыбына келтирүүнүн жалгыз шарты болуп калган. 

Убактылуу Өкмөт тарабынан түзүлгөн Конституциялык кеңешме бул маанилүү документти иштеп чыгууну жана аны талкуулоону ачык уюуштура алды. Буга чейин бир да Конституция мындай кеңири талкуу жана элдин терең катмарынын катышуусу менен даярдалган эмес. Алгачкы жолу Конституциянын бардык беренелери конституциялык түзүмдүн шарттарын айкын билүү, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылуу жана адам укуктарын сактоо мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүнүн мазмуну экендигин терең түшүнүү менен даярдалды. Конституциялык кеңешменин отурумдары улуттук телевидениеден түз көрсөтүлүп турду, ал эми талкуунун стенограммалары жана сунуштар атайын уюшулган интернет-сайтта ачык жарыяланып, гезиттерге басылып турду. 

Бул процесстин ачыктыгын камсыз кылууда жарандык коом болуп көрбөгөндөй жигердүү аракет жасады. Жарандардан сунуштарды жана пикирлерди жыйноонун ачык жана түз механизмдери түзүлүп, натыйжада 5 миңден ашык сунуш түшкөн. Ошондой эле Жарандык көзөмөл Комитети түзүлүп, эксперттер менен ыктыярчылардын чоң тобу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн, миңдеген жолугушуулар, тегерек столдор уюшулган, миллиондогон баракчалар өлкөнүн бардык булуң-бурчуна чейин таратылган.  Мунун барынын максаты  жаңы конституциялык түзүмдүн маанисин элге жеткирүү эле. Ошондой эле көз карандысыз экспертизалар жасалды. Кыргызстандын тарыхында жаңы Конституция укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы, а түгүл экологиялык экспертизадан өткөн алгачкы документ болуп калды. Конституциянын беренелери Эл аралык Венециялык комиссиянын жана башка таанылган, авторитеттүү эксперттердин да талдоосунан өттү. 

Натыйжада биз бардык тараптардын пикирин камтыган Конституцияга ээ болуп, 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы шайлоочулардын 70 пайызы катышкан референдумда 90 пайыз добуш менен Баш мыйзам бекитилген.  Биз парламенттик республика курабыз деп жарыя кылганбыз. Бул жалпы коомдук келишим болгон. Мекендештерибиз өз ишеними менен жаңы конституциялык түзүмдүн жана парламенттик системанын легитимдүүлүгүн камсыз кылышкан. 

Жарандар референдумга катышып жатканда эмне үчүн добуш берип жатканын так билишкен. Анткени ар ким тынчтыкты, туруктуулукту, тартипти жана коопсуздукту каалаган, эски авторитардык бийлик системасын биротоло жок кылып, жаңы легитимдүү бийликти орнотууга добуш берген. 

Албетте биз алдыда дагы далай окуялар болоорун баамдаганбыз. Мурдагы замандагы кейиштүү тажырыйбаларды эске алуу менен бийликти кайрадан дагы жеке басып алуу аракети болоорун түшүнгөнбүз. Эски адаттардан кутулуу оной эмес экендигин, бийлик кумары таттуу болуп, андан кол үзүш оңойго турбай турганын тарых далай жолу көрсөткөн. 

Жаңы бийлик системасынан жаңыча ойлонгон, жаңыча түшүнүк менен жаңы адамдар керек. Жаңы саясий маданият да калыптануусу зарыл. Бул нерселер заматта боло калбайт, ага убакыт керек, далай мээнет, далай аракет керек. Ошондуктан Убактылуу Өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизилбесин деп 10 жылдык мораторий киргизген, аны 2020-жылга чейин кол тийгизбей сактайлы деп ниет кылган. Бул демилге жарандык коом тарабынан кызуу колдоого алынган.  Мындай шарт жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрүн ачып, кайрадан мурдагы ахвалга кайтып кетпөөгө кепилдик бермек. Бул шарт эң маанилүү тарыхый жетишкендиктердин бири болуп калды деп айтууга болот. 

Андан бери алты жыл өттү. Азыр бул кадамдын ийгиликтерин да даана көрүп турабыз. Жаңы Конституция өзүнө тагылган милдеттерди  ийгиликтүү аткарууда. Өлкөдө тынчтык орноду, коомдо туруктуулук калыптанды. Биз жарандык согуш алааматына кирептер болгон жокпуз, кай бир мамлекеттердегидей ич ара тирешүү да жок.  Жаңы Конституцияга ылайык мамлекет башчы шайлоо аркылуу алмашты. Бул Борбордук Азияда биринчи  саамалык болуп калды. 

Бизде демократия дагы бекемделди. Конституцияда каралган адам укуктары биздин өлкөнү бул чөлкөмдө гана эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу дагы прогрессивдүү өлкөлөрдүн алдынкы катарына чыгара алды. 

Мурдагы Конституциялар да саясий күрөштүн барымтасында калып, тиги же бул адамдын кызыкчылыгы үчүн далай жолу өзгөртүлгөн. Учурдагы Конституция мындай тоталитардык кол салуудан жакшыраак корголгон, ал бийликти жеке басып алууну каалаган адамдарга жол бербейт, тоскоолдук кылат. 

Алты жыл өткөндөн кийин биздин Конституциянын артыкчылыктарына күбө болуп турабыз. Учурунда мамлекетке туруктуулук берген, бир топ жыл алдыга карай бийик дөөлөттөргө негиз болуп калган мындай документ менен сыймыктансак да болот. 

Ошондуктан биз Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмуунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз. 

Мисалы, биринчи беренеге 30га жакын "бийик дөөлөттөрдү" кошумчалоо сунушталып жатат. Бул сунуш жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн жолу болуп калуусу толук мүмкүн. Анткени аталган “бийик дөөлөттөр” юридикалык эмес, моралдык жана философиялык түшүнүктор, алардын акыктамалары так эмес, кандайдыр бир тарыхый кырдаалга же саясий режимдин каалосуна ылайык каалагандай чечмелөөгө болот. Мындай жагдай  жарандардын укуктарын чектөөгө шылтоо болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, биз кайрадан тоталитардык заманга тушугуп калышыбыз толук ыктымал.  Биз андай замандан, авторитардык бийликтен өтө оор жоготуулар менен кутулганыбызды, укуктук коом курууга багыт алганыбызды унутпайлы.

Ошондой эле сот системасы дагы өз алдынча болбой, президент менен өкмөттөн көз каранды болуп калат, ал эми Конституциялык көзөмөл жок кылынат. Сунуш кылынган өзгөртүүлөр сот реформаларын жокко чыгарат.

Өкмөттүн укуктарын кенейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган сунуштар аны Жогорку Кенештин, прокуратура органдарынын жана коомдун көзөмөлүнөн таптакыр чыгарат, Өкмөттун өзүм билемдигин жана берилген укуктардан кыянаттык менен пайдалануусун күчөтөт. 

Коом өзгөрүп турарын, дүйнө өзгөрүп турарын, аларга ылайык жаңы талаптар, жаңы тарыхый кырдаалдар пайда болоорун биз деле түшүнөбүз. Конституцияга деле өзгөртүүлөр зарыл болуп калат, бардык жагынан төп келген документ болбойт. Бирок, пайда болуп жаткан тобокелчиликтер менен коркунучтар мурдагы келишимди жокко чыгарууга, элдин ишениминен ажыроого татыбайт, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугу барынан жогору. 

Биз Президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга чакырабыз. Учурдагы Конституцияны өзгөртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн.

Биз Кыргызстан элин аракеттеги Конституциянын кол тийгистигин 2020-жылга чейин коргоого жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырабыз. 

Урматтуу Мекендештер! 

Конституция бизди бөлүп-жарбай, тетирисинче бириктирүүгө тийиш. 

Келгиле, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын биримдикте, ынтымакта тосолу, ошону менен бирге Кыргызстандын жаркын келечегине ишенимде бололу! 

Эгемендүүлүк күн кут болсун!

Источник: Sayasat.kg