Казакстандан жарандык активисттер кача башташты

Обратите внимание на дату публикации.

“Саясат. kg”. Казакстандын коомдук ишмери жана жарандык активисти Ермек Нарымбаев менен Мөлдир Адилова Украинага чыгып кетишкен. Алар жер маселеси боюнча митингге катышканы үчүн кармалышкан болчу.

Казакстандагы informburo.kz сайты Алматы боюнча кылмыш-аткаруу системасы департаментинин башчысы Манас Туякбаевге таянып жазгандай, Киевге кеткен коомдук ишмер жана жарандык активист Ермек Нарымбаевге издѳѳжарыяланган.

Туякбаевдин айтымында, учурда “алгачкы издѳѳ иш-чаралары” ѳтүп жатат. Эгер Нарымбаевдин кетип калганы аныкталса (Нарымбаев кеткенин тастыктап, Киевде басма сѳз жыйынын ѳткѳргѳн), “тийиштүү чаралар кѳрүлѳт”.“Ал кѳзѳмѳлгѳ алынгандан кийин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгѳн. Бирок Нарымбаев жинденип, сот тарабынан жүктөлгөн милдеттенмелерди терс кабыл алган. Жазанын негизги мѳѳнѳтү аягына чыкканга чейин же кѳзѳмѳл убакты бүткѳнчѳ чейин ѳлкѳдѳн чыгууга тыюу салынганы боюнча жазуу түрүндѳайтылган”, - дейт департаменттин башчысы.

Ермек Нарымбаев Украинага кетип калганы 14-июлда белгилүү болду. Айдос СадыковFacebook баракчасына Нарымбаевдин Киевде жүргѳнүн тартып чыгарган.

Нарымбаев менен бирге Украинага активист Мѳлдир Адилова дагы кеткен. Ал 21-майда “жер маселеси” боюнча ѳткѳн митингде кармалган. Нарымбаев менен Адилова Киевде басма сѳз жыйынын ѳткѳрүп Казакстанда алардын укуктары тепселип жатканын жана баш паанек сурай турганын билдирген.

Источник: Sayasat.kg