Феликс КУЛОВ, экс-премьер-министр: “Өкмөт Курманбек Бакиевдин алдында жоопкер болчу, “Оксус” компаниясынын тагдырын Бакиев чечкен”

Обратите внимание на дату публикации.

Улуу Британияда жүрүп аткан англиялык ишкер Шон Дейлиге байланышкан сот процессинде канкор президент Курманбек Бакиев уулу Максим Бакиевди жактап көрсөтмө берип, анда экс-премьер-министр Феликс Куловго баардык күнөөнүү оодарган эле. Ф.Кулов К.Бакиевдин дооматтарын четке кагып, өзүнүн аргументин ортого салды.

Анын айтымында, ошогездеги өкмөт президентке “Жерүй” маселесин чечүүдө эки вариантты сунуш кылган. “Биринчиден, жалпак тил менен айтканда, “Оксус” компаниясынын лицензиясын Н.Танаевдин өкмөтү кайтарып алган. Мен өкмөт башчысы болгондо бул маселе кайрадан көтөрүлгөн. “Оксус” Курманбек Бакиевге кайрылып, ага лицензиясын кайтарып берүүнү өтүнгөн. К.Бакиев ал катты бизге, өкмөткө жөнөткөн. Биз маселени тыкыр иликтеп, президенттин атына эки вариантты сунуштаган кат жолдогонбуз. Биринчиси – Кыргызстанга ылайык келген келишимдин негизинде “Оксуска” лицензияны кайтарып берүү, ал эми экинчиси – “Оксус” менен кызматташуудан баш тартып, жаңы компания табуу. Мындай шартта бизди соттук териштирүүлөр күтүп турмак. К.Бакиев бизге “Оксус” менен кызматташуудан баш тартуу тууралуу чечимин жөнөткөн. Болгондо да өз колу менен. Ал убакта мыйзам боюнча өкмөт президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында жоопкер болчу. Тактап айтканда, биз президенттин алдында жооп берчүбүз, ошон үчүн, ал бизге буйрук берип турган”, — дейт ал.

Сөзүн андан ары улаган Ф.Кулов К.Бакиев видео-конференция аркылуу көрсөтмөсүндө коюлган суроолорго так жооп бере албаганын баса белгилеген.  

Эске салсак, британиялык ишкер Шон Дейли “Жерүй” кенин иштетүүгө байланышкан окуяда Максим Бакиев анын өмүрүнө кол салды деген доомат менен Англия сотуна кайрылган. Бул айыпты Улуу Британиянын Жогорку соту териштирүүдө. Жактоочунун жана Шон Дейлинин билдиришинче, Англия соту Бакиевдердин көрсөтмөсүнө канааттанбай атат. Мындан улам, Максим Бакиевдин коррупционерлиги тумандуу Албиондо тастыкталып, темир торго отургузулабы?

Источник: Focus.kg