Кыргыз элин “койго” теңеген Максим Бакиевди Лондон түрмөсү күтүп турабы?

Обратите внимание на дату публикации.

Буга чейин Улуу Британиянын жараны Шон Дейли канкор президент Курманбек Бакиевдин уул Максимдин үстүнөн арызданып, Лондон сотуна кайрылган. Ал Максим Бакиев тарабынан өзүнө кол салуу болгонун айтып арызданууда. Учурда бул сот иши Лондон шаарында уланып жатат. Ал эми 27-июнда Бишкектеги мейманканалардын биринде Феликс Кулов, Каныбек Иманалиев, Алмазбек Жакыповдор кезектеги сот отурумуна онлайн-режимде катышып, соттун суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу Ф.Кулов өзү да кабарлады. Анын айтымында, эгер сот Максимди күнөөлүү деп тапса аны Лондондун түрмөсү күтүп турат. “Мага сот кыска суроо берди жана мен да кыска жооп бердим. Буга чейин бул иши боюнча мен көрсөтмө бергем сот аны тактады. Эми бул иш 10 күнгө созулушу мүмкүн. Бул соттун чечими акыркы болот”, – дейт ал.

Кыргыздарды “койго” теңеп, жылт эткен жердин баарын баса калып, элди эзип баштаган Максимдин бүгүнкү абалы ушундай, замандаш. Албетте, Бакиевдер өз жазасын алат жана мындан шегибиз жок. Ошентсе да Максимдин Лондон түрмөсүнө тыгылышы биз үчүн дагы бир жакшы кабар болгону турат. Таба эмес тообо, бирок ар бир адам колу менен кылганын мойну менен тартары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алар бул дүйнөдөн жазасыз калса деле тиги дүйнөдөгү “сот” бар!

Источник: egemen.kg