Соттук иш: М.Бакиевдин адвокаты Ш.Дейлинин далили жок деди

Фото: Как пишет британское издание, сейчас М. Бакиев проживает в лондонском особняке стоимостью 3,5 млн фунтов (5,1 млн долларов)
Обратите внимание на дату публикации.

“Британиялык бизнесмен Кыргызстандын мурдагы президентинин уулун 300 миллион фунттук (445 млн доллар) алтын кени үчүн күрөштө аны атууга буюртма берген деп сотко берди”, - деп жазат Британияда негизделген Daily Mail басылмасы.

«Алтын кен компаниясынын өкүлү 56 жаштагы Шон Дейли Кыргызстанда жашап жатканда бир түнү октордун мөндүрүнө кабылган. Ал Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди 2006-жылы аны өлтүрүүгө буйрук берген деп айыптап, компенсация талап кылып жатат», - деп башталат британдык басылманын материалы.

Анын маалыматына караганда, Шон Дейли 2014-жылы Кыргызстан сотунун Бакиевдер үй-бүлөсүн аны өлтүрүүгө буйрук берген деген өкүмүнүнө ылайык сотко кайрылды.

Британдык бизнесмен Максим Бакиев 2006-жылы Жерүй алтын кенине лицензия алууга байланыштуу кол салган. Анын жүйөсүндө, Бакиев колдогон компанияга Дейлинин лицензия алуу аракети тоскоол болуп, анын коррупциялык схемасын ачыкка чыгарып коймок.

Анын жазаганына караганда, Максим Бакиев израилдик бизнесмен Берти Синбетини атууну уюштурууга катыштыгын мойнуна алганын Шон Дейли билдирген. Берти Синбети Дейлинин иши боюнча негизги күбө болчу, бирок ал көрсөтмө берүүгө бүгүн келген жок, деп кабарлады Daily Mail 22-июнда.

Шон Дейлинин адвокаты Максим Бакиевдин аны атууга байлыгы, бийлиги жана коопсуздук комитетин колдонуу мүмкүнчүлүгү болгонун айтып, “ал өз мекенинен башка жакта адам денесине келтирилген оор жарат болгонун” белгиледи.

Ал эми Максим Бакиевдин адвокаты сотко Дейлинин койгон күнөөсүнүн далили жок экенин билдирди. Кыргызстандагы соттун чечимин болсо “саясий мотиви бар”, “тиешелүү укуктук жараянсыз”, “негизсиз”, “мыйзамсыз” экенин айтты.

Анын билдиришинче, Максим Бакиев окуя тууралуу маалымат каражаттарынан гана билген.

Жогорку Сот бул ишти улантат, деп жазат Daily Mail.

2014-жылы апрелде Бишкектин райондук соту адам өмүрүнө кол салуу боюнча Бакиевдер үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө өкүм чыгарган. Ага ылайык, Курманбек Бакиев 25 жылга, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы башчысынын орун басары Жаныш Бакиевди өмүр бою, УКМК башчысынын жардамчысы Марат Бакиевди 20 жылга, Максим Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылган. Азыр алар чет өлкөдө качып жүргөнү айтылат. Максим Бакиев Британиядан башпаанек алган. (AK)

Источник: Кыргызская служба ВВС