Бактияр Алиев чын эле жолунан адашкан бир «байкуш» турбайбы

Обратите внимание на дату публикации.

«Бизди Россиянын генералдары, полковниктери да колдойт» деп «Элдик парламентчилердин» көкүрөк койгулагандары эсиңиздердеби? Көрсө, ал «генералы» Бактияр Алиев аттуу аты-жыты анчейин белгисиз эле бирөө экен. «Атың чыкпаса жер өрттө» демекчи өздөрүн өздөрү ушундай популизм менен эле таанылтып алууну көздөгөндөргө бир «баракел-ле» деп туруп, калган оюбузду улайлы.

Чындыгында кыргыз коомчулугу Бактияр Алиев аттуу генералды деги эле угуп көргөн эмес. Кече эле абактан чыккан Нариман Түлеев анын ким экендигин көзгө даана элестеле тургандай кылып айтып берди.  «Бахтияр Алиев деген жолунан адашкан бир байкуш. Анын сөзүн маанилүү көрүп, кулак салуунун кереги деле жок. Ал генерал дагы эмес, өзүнчө имидж түзүп алган. Союз кезинде ал подполковник болчу, подполковник боюнча эле калган. Аны иштен айдап жиберишкен. Ал өзү чыгыш таануучу, ИГИЛ жана башка жерлерди жакшы билет. 2001-2002-жылдары Кремль администрациясында, Коопсуздук кеңешинде иштеп калган. Андан кийин дагы бир катачылыгы үчүн муну айдап жиберишкен. Бул бир байкуш…» — дейт ал. Чындыгында эле ал өзүнүн генерал эмес, бир байкуш экендигин оппозициялык маанайдагы маалымат булактарынын бирине телефон аркылуу берген маегинде далилдеп коюптур. Тактап айтсак, кечээ интернет булактарына «Элдик парламенттин» лидерлери Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаевдердин кимдир-бирөөлөр менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө бийликти басып алуу пландары тууралуу, курал-жарак колдоно тургандыктары тууралуу айткан аудиожазуулары жарыяланып кеткен. Анда Колубаев ачык эле «Мен аларды тизеге, чашкага атып эле салам, башка вариант жок, курал-үжарактар бар экен» деп оозго алгыс, бокооз сөздөр менен сөгүнүп отурат. Мына ушундай максаттарын айтканы ачык эле билинип турса дагы Бактияр Алиев: «Жасалган билдирүү өтө катуу, бирок ал диалогго чакыруу болгон. Бул жерде кандайча бийликти басып алуу тууралуу кеп болуп атат? Бул коркутуу болгон эмес» дейт. Кыязы, чындыкты түшүнгүсү келбей туру окшойт. Колубаев ачык эле «курал колдоном» деп атса, Алиев «бул бийликти басып алуу планы эмес, коркутуу дагы эмес» деп отурат. Демек, анын көз карашы боюнча кайсы бир саясатчы «бийликтегилерди тизеге атып салам, курал-жарактарды колдоном» деп атса, «аа бул бизди диалогго чакырып аткан экен» деп түшүнүшүбүз керек болобу? Логика кайда?

Ал эми ««Элдик парламенттин» артында жөнөкөй кыргызстандыктар турат» дегенине күлөрүбүздү, же ыйларыбызды билбей турабыз. Кыргызстандын айыл-чарбасын талкалаган Талгарбековдой куйтулардын артынан кантип карапайым кыргызстандыктар ээрчимек эле? Тескерисинче азыркы тапта Акаевдин доорунда тайралаңдаган Талгарбековдой кадрларды эл көргүсү да жок. Бул ачуу чындык. Андыктан өзүн-өзү «генерал» атап алган Бактияр Алиевдин деңгээлине «отур, эки» деген баа койдук. Бир убакта «Талгарбеков мени сатып кетти, аны колдобойм» деп жүрүп, эми кайра минтип коргоп чыгууда. Ушунун өзү эле анын Нариман мырза айтмакчы «бир байкуш» экенин ырастап отурат.

Источник: Focus.kg