«Элдик парламенттин» атынан Төрөбай Колубаевдин талапкерлигин Президенттикке көрсөтөбүз» деп билдиришүүдө

Обратите внимание на дату публикации.

Өткөндө өздөрүн сүттөн ак, суудан таза көрсөткүсү келгендер чогулуп, «Элдикпарламент» деген уюм түзүшүп, 26-апрелде 20 миңкиши чогултабыз дешкен болчу. Бирок эмнегедир 12-майга жылдырышыптыр. Алардын айтымында «Элик парламентти» ээрчиген 50-60 миң киши бар имиш. Мына сага сөз эмес бекен, али Кыргызстанда 50-60 миң чогулта алам деген бир да саясатчы болгон эмес, болбойт дагы. Эгер, сөзүнө туруп, ошончо киши чогултса, анда Кыргызстанда рекорд коёт.

«Элдик парламенттин» лидерлеринин бири Төрөбай Колубаев өзүн кийинки Президент сезип жүргөнү кабарланууда. » «Элдик парламент» бирикмесинин лидерлери Бекболот Талгарбеков баш болуп, кийинки президенттикке «Элдик парламенттин» атынан Төрөбай Колубаевдин талапкерлигин көрсөтөбүз»,- деп билдиришүүдө.

Айланайындар президентти «кет» десе, кетип калчудай Ош базарда тачки түрткөн бир байкуш эмес да чынбы? Эгерде, чын эле Президент болгусу келсе, Атамбаевдин кемчилигин таап, сотко берип, импичмент жарыялап, соттон утуусу керек. Мыйзамды сыйлаган өлкөдө жашап жаткандан кийин, келээрки жылы болчу президенттик шайлоого официалдуу эле катышпайбы? Ошондо баары мыйзам чегинде болот. Шайлоодо оозунан чыккан 50-60 миң кишисинин добушун ала алаар бекен?

Источник: Fakt.kg