Дамира Ниязалиева, коомдук ишмер: “Эл аралык коомчулук Аскаровдун кандай оор кылмаш жасагынын билбей жатат окшойт”

Обратите внимание на дату публикации.

– Дамира Абазкановна, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду тез арада бошотуу талабын коюп жатат. Эгемендүү Кыргызстандын бардык соттору тарабынан күнөөлүү деп табылып, өмүр бою соттолгон жарады бошотуу талабын кандай баалайсыз?

– Негизи дал ошол БУУнун эксперттери Азимжан Аскаровдун кандай оор кылмыш жасаганын, анын кылмышынын салмактуулугун караш керек болчу. Буга чейин АКШ ал кишиге сыйлык да берди. Менин оюмча, чет элдик уюмдар анын кылмышынын салмагын, кандай мыкаачылык жасаганын толук билбей жатат окшойт. Жакында эле кыргызстандык келин Кытайда өлүм жазасына тартылды. Мен анын таржымалын сүрүштүрүп көрсөм ак жеринен эле туткундалган экен. Эмне үчүн БУУ сыяктуу уюмдар ушул келиндин укугун коргоп, өлүмдөн алып кала алган жок? Аскаров го өмүр бою кесилиптир. Аны өлтүрүп жатпайбы. Ал келиндин балдары чыркырап кала берди. Менин буга ушунчалык жүрөгүм ооруду. Анын жазган каттары, өлүм алдындагы айткандары жөн эле курмандык болгонун тастыктап турбайбы. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү.

– БУУнун Аскаровду бошотуу талабын биздин өлкөнүн ички ишине түздөн-түз кийлигишүү деп сыпаттасак болобу?

– Аскаровдун жасаган оор кылмыштары Кыргызстандын бардык соттору тарабынан далилденип, ошонун негизинде өмүр бою кесилген. Андыктан соттордун чечимине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Аны бир тараптуу акташ керек дебей, Аскаровдун жасаган мыкаачылыгын деле карап койбойбу.

– Кыргызстанда «Сөз эркиндигин коргоо комитети» деген бирикме түзүлдү. Учурда ушундай уюмду түзүүгө негиз барбы? Чын эле Кыргызстанда сөз эркиндигине катуу кысым болуп жатабы?

– Кыргызстанда сөз эркиндигине күмөн саноого негиз жок. Апрель революциясынын бирден-бир баалуулуктарынын бири да ушул болчу. Эгер Кыргызстанда сөз эркиндиги жок болгондо Жаныш Бакиевдин маеги чыкмак беле? Мен биздин мамлекеттегидей сөз эркиндиги КМШ өлкөлөрүндө жок деп ишенимдүү айта алам. Албетте, баары идеалдуу деп айтууга мүмкүн эмес. Айрымдар жеке бир адамдын аброюна шек келтирип, соттук териштирүүлөр болуп жатат. Муну кысым деген туура эмес. Ар бир адамдын кадыр-баркы баарынан кымбат. Журналист кимдир-бирөөнүн сындап жатканда анын ишине гана баа берип, кетирген кемчиликтерин таап чыкса болот. Ал эми адамдын ар-намысына шек келтирбеши керек. Мен деле кээде өзүм тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды окуп капа болом. Ошондуктан сөз эркиндиги деп эле оюна келгенди жаза берген туура эмес.

Источник: egemen.kg