7-апрель элдик революциясынын максаттары эч качан уурдалбасын!

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, мындан туура 6 жыл мурун канкор Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруу бийлигинин «шиши толуп», жалпы кыргызстандыктардын нааразычылыгынын арты менен «жарылып», адилеттүүлүктүн, акыйкаттыктын шооласынын бүлбүл нурлары жанган күн эле. Алгачкы Акаевдик үй-бүлөлүк бийликти кулатып, андан соң тактыга конгон Бакиевдик бийликтен элди үмүтү чоң болгон. Бирок, ал алгачкы үй-бүлөлүк башкаруудан 10 эселеп ашып түшкөн үй-бүлөлүк каардуу жана жырткыч бийликти бекемдеди. Эгерде Акаевдин убагында үзөңгү-Кууштай жерибиз кытайларга кетсе, Бакиевдин доорунда Каркырайда кереметтүү жайлообуз казактарга кетти. Акаевдин маалында анын эрке талтаң күйөө баласы Адиль Тойгонбаев республикабыздагы бардык бизнестердин көмүскөдөгү кожоюунуна айланып алса, Бакиевдин маалында Максим Бакиевкөзүнө жакшы көрүнгөн бизнестердин баарын баса калууга өттү. Жаныш Бакиев, Максим Бакиев, Марат Бакиевден экөө (уулу жана иниси), Акмат Бакиев сыяктуулар бири агасынын, бири атасынын бийлигине чиренип, кыргыз элин каалагандай эзүүгө өтүштү. Бул үй-бүлөлүк бийликтин туура эмес саясатын ачык айтып койгондор куугунтукка алынды. Жыргалбек Суравалдиев, үсөн Кудайбергенов, Медет Садыркулов, Санжар Кадыралиев, Тынчтык Акматбаев, Баяман Эркинбаев, Раатбек Санатбаев сыяктуу жана башка белгилүү саясатчылар, спортчулар бийликтин курмандыгы болду. Геннадий Павлюктун өлүмү сөз эркиндигине жасалган кысымдын туу чокуга чыгып баратканын айгинеледи. Айтор мына ушул сыяктуу кыргыз элинин эзелтеден келаткан үрп-адаттарына каршы көрүнүштөр беш жылдын ичинде элибиздин нааразычылыгын күчөтүп отуруп, акыры 2010-жылдын 7-апрелиндеги революцияга жеткирди. Кудайга шүгүр, ошондон тарта республикабызда мамлекеттик башкаруу системасы түп-орду менен өзгөрдү. Бийлик бир үй-бүлөнүн, же бир адамдын гана колуна топтолуудан калып, бардык маселени Жогорку Кеңеште 120 депутат талкууга алып чечип калышты. Элибиздин эң негизги максаты да ушул эле. Чыныгы элдик бийликке жетишүү болчу. Бул максат орундалды. Демократиялык өнүгүү жолуна түштүк. Албетте революция толугу менен максатына али жете элек. Бирок, ал максаттарды жүзөгө ашырууга карай кең-кесири жол ачылганын айта кетишибиз керек. Мына ошону билген мурдагы бийликтин «куйруктары» жана кызматсыз калгандар, бийликке таарынычы барлар кайрадан мамлекетибизде башаламандык жаратып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп атышканы маалым. Андайлардын арам ойлору жүзөгө ашып кетүүсүнө жол бербешибиз зарыл. Кайрадан бейкүнөө мекендештерибиздин каны төгүлбөсүн. Элибиздин жеңиши эч качан уурдалбасын.

Источник: Focus.kg