Канкор Курманбек Бакиевдин доорунда 27 жерине бычак урулуп, Швецияга качып кетип жаны аман калган Сыргак Абдылдаев кесиптеши Турат Акимов менен ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевдин ортосундагы маселеге байланыштуу пикирин ортого салды. Ал макаласында Акимов бөлөк бирөөлөрдүн талашына башын тыгып алганын, конкреттүү сценарийдин алкагында иш алып барганын баса белгилеген. “Эгер Акимовдун кыймыл аракетинин артында терең идеяга ширелишкен, саясый жактан ынанымдуу нерсе турса туура түшүнөт элем. Бирок реалдуулукта ал жок, болгон эмес, болбойт дагы. Кыргыз оппозициясы – нарксыз, сатылма демагогдор менен авантюристтердин курамасы”, — дейт ал макаласында.
С.Абдылдаевдин аныктамасы жөндүү. Реалдуулукта кыргыз оппозициясы бийлик менен идеялык, программалык негизде күрөшпөй, эптеп эле бийликке жетүүнүн жолун тандап алышкандай. Буга БОКтун (Бириккен оппозициялык кыймыл) бүгүнкү абалы тирүү мисал. Ал эми парламенттеги азчылыкты түзгөн “Бир бол” менен “Республика – Ата журт” фракциялары мандат чыры менен баш оорутушууда. Эгер жакынкы аралыкта Камчыбек Ташиев “талак” берсе “Республика – Ата журт” партия катары “күм-жам” болушу ыктымал. Идеяга эмес, маңсапка жетүү максатында гана түзүлгөн тандемдер, оппозициялык блоктордун келечеги жок, аягы ушундай гана аяктайт эмеспи.