Түштөн кийин кыйкырган короздун кереги барбы, же Зайнидин Курманов неге бүгүн «ойгонууда»?

Обратите внимание на дату публикации.

Убагында Жогорку Кеңештин спикерлик кызматына чейин жеткен Зайнидин Курманов аттуу эрен бар. Акыркы жылдарда бийликтин бир да бутагына илинбей калып, ич күптүсүн маал-маалы менен маалымат булактары аркылуу билдирип келет. Жакында эле ал маалымат булактарынын бирине макала жазып, анда «Сот системасы мурдагыдан да начар иштеп калды» деп билдириптир. «24 жылдын ичинде арабыздан көпчүлүгү картайды, айрымдары болсо оң натыйжасы көрбөстөн тигил дүйнөгө узады. Бир нече президент, 27 премьер-министр, көптөгөн депутаттар, министрлер, губернаторлор, мэрлер жана акимдер алмашты. Ал эми сот реформасынын жыйынтыкталышына дагы көп бар. Баарынан дагы сот системасы мурдагыдан да начар иштеп баштады» деп жазат ал. Албетте, сын айтууга ар кимдин укугу бар. Бирок сын айтаардан мурун ар бир адам өзүнүн артын бир кылчайып карап алганы оң эмеспи. Маселен убагында президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов тирүүлөй өрттөлүп жок кылынганда, бул окуяны обьективдүү чагылдырууга аракет жасаган журналисттерге куугунтук жасалганын билебиз. Ал убакта Зайнидин мырза спикерлик кызматты ээлеп турган. Неге ошол убакта сот акыйкаттуулугу тууралуу ооз ачкан эмес? Же кызматынан айрылып калуудан коркту беле? Эгерде сот акыйкаттуулугу үчүн чындап күйгөн болсо, ошол убакта чындыкты чыркырата жазып аткан журналисттерди коргоп чыкпайт беле? Тилекке каршы анте алган эмес. Андыктан түштөн кийин короздун кыйкырганынын эч кимге пайдасы жок. Анын үстүнө бүгүнкү күндө мурдагы бийликтегилердин учуруна караганда сот акыйкаттуулугу бар. Бүгүнкү күндө бийликке оппонент деп аталган саясатчылардын да соттун чечими аркылуу акталып кетип аткандарын көрүп атабыз. Мындай көрүнүш Акаев менен Бакиевдин убагында болду беле? Болгнон эмес. Демек, болуп аткан жакшы өзгөрүүлөрдү да байкай жүрүш керек го урматтуу Зайнидин мырза.

Источник: Focus.kg