Депутаттык мандат боюнча кайрадан талаш чыкты

Обратите внимание на дату публикации.

Парламенттин бүгүн, 20-январдагы жыйынында депутаттар  мандаттан ажыратуу  боюнча БШКнын маалыматын угуу боюнча кайрадан талаш чыкты. Депутаттар бул маселе Жогорку Кеңештин мурунку жыйындын күн тартибине кирип бирок каралбай калганын, бүгүн биринчилерден болуп кароо зарылдыгын айтышты.

Бирок, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты  Алмазбек Баатырбеков  маселенин каралышына каршылыгын билгизип,  "Бул маселени кароонун зарылчылыгы жок. Эртең бул иш Жогорку Сотто каралат, бүгүн парламентте карасак, анда сотко басым жасаган болуп калабыз. Депутаттар өз каалоолору менен арыз жазышкан, мындай маселени алтургай фракция дагы карабашы керек",- деди Баатырбеков.

Мындай Депутаттардын көпчүлүгү А.Баатырбековдун пикирге каршы чыгып жатышат.

Источник: Fakt.kg