“Республика – Ата Журт” депутаттык баардык жеӊилдиктерден баш тартты

Автор: Гульназ Мамытова
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин депутаттары кол тийбестик жана жардамчылардан башка артыкчылыктардан баш тартышты. Бул жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-ноябрда жабык эшик артында өткөн жыйынында кабыл алынды.
       Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин структурасын оптималдаштыруу жана чыгымдарын азайтуу боюнча комиссиянын корутундусу боюнча добуш беришти. Добуш берүү ар бир пункт боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлдү.
Депутаттарда жардамчы менен консультанттын калышы үчүн 70 депутат «макул», 36 депутат «каршы» добуш берген.
Депутаттардын KG мамлекеттик номурлары калышы үчүн 55 депутат «макул», 44 депутат «каршы» добуш берди. Бирок депутаттар унаалардын өзүнөн баш тартышты. Ошондой эле депутаттар кызматтык батирлерди калтырууну чечишти.
       Жогорку Кеңештин депутаттарынын фонду ай сайын 40 миң сомду түзөт. Депутаттардын жеке менчик унааларына күйүүчү-майлоочу май ушул фонддон каржыланат.

       Ал эми “Республика – Ата Журт” фракциясы депутаттык баардык жеӊилдиктерден баш тартты. Аталган фракциянын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн фракциясынын депутаттарына артыкчылыктардан баш тартууну добушка койду. Баарлашууда эл өкүлдөрү алгач кызматтык авто унаа боюнча сөз кылып, KG номур да болбоого тийиштигин белгилешти. Эл өкүлдөрү автоунаадан баш тартканы менен коомчулукта артыкчылыгы мамлекеттик номер менен сакталышын кеп кылышты. Буга байланыштуу эл өкүлү Мирлан Жээнчороев, «мамлекеттик номурдун өзү артыкчылык. Анткени жолдо МАИ кызматкерлери токтотбойт. Ошондуктан мындан да эл өкүлдөрү баш тартууга тийиш»,-деди.

      Андан соң кызматтык турак жай боюнча маселени козгошуп, фракциянын депутаттары үй алуудан да баш тартты. Негизинен парламент муктаж болгондорго гана үй берүүнү кабыл алган. Бирок ага карабастан Бишкектен алыс аймакта жашаган фракция депутаттары үй албайт экен. Мындай кыскартуулар экономиканы үнөмдөө кадамы болгондуктан, өкмөттүнда структурасын да карап чыгуу пикири сунушталды.
Эл өкүлү Бакыт Райымкулов«Учурда Жайыл районунда жашайт. Эл менен аралашып жашоо, көйгөйлөрүн угууга жакшы шарт түзүлөт»,-дейт.
      Жыйындын жүрүшүндө эс алуу маселеси да каралып, фракция лидери Өмүрбек Бабанов, парламентте эч бир партия санаторияда жана курортто эс алууга бөлүнгөн каражат боюнча сөз кылбаганын айтып сындады. Алардын катарында «Республика-Ата-Журт» фракциясы деле ал боюнча кеп козгобой, өз алдынча сүйлөшүп баш тарттык дейт. Бул артыкчылыктан баш тартууну фракция өкүлдөрү бир добуштан колдоду.

      Талкуунун аягында фракция өкүлдөрү жардамчылар маселесине токтолуп, 1 гана кеңешчи ала турган болду. Жардамчыларга берилген бир жылдык маяна бир айыл өкмөттүн бюждетине тең келерин мисал келтирди.

      "Жалпы жыйында жардамчыларды калтыруу чечими кабыл алынды. Бирок бизге чай ташып берген жардамчынын кереги жок, жардамчы албайбыз. Мыйзам жазган гана кеңешчи керек деп убада бергенбиз. Жардамчысы жок иштеген болсок, бир жылда 13 миллион сом үнөмдөлөт экен. Аны карылар үйүнө, балдар интернатына которуп берүү керек",- дедиБабанов.

      Мындай кадам менен «Республика-Ата-Журт» фракциясы бюджеттен 110 млн сомду үнөмдөмөкчү. Бул каражатка мамлекет көптөгөн бала бакча курууга болот дешет фракция депутаттары. 

Источник: maralfm.kg