Табылды Акеров, саясат таануучу: “Сариевге атаандаш катары Бабанов чыгышы ыктымал”

30 октября 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

- Табылды мырза, кече президент Алмазбек Атамбаев коалициялык көпчүлүктү куроо мандатын «КСДП» фракциясына берген. Сиздин оюңузча бул жолу коалициялык көпчүлүккө кайсыл фракциялар кириши мүмкүн?

— Коалиция албетте программалык идеялык жакындыктын негизинде түзүлөт. Ошого байланыштуу азыр КСДП партиясына эң жакын партия — “Ата – Мекен” партиясы. Анын негизги себеби катары коомдук багыты социалисттик көзкарашта ой жүгүртүшөт. Ошол негизде булар коалициянын өзөгүн түзүшү мүмкүн. Андан сырткары “Кыргызстан” партиясы чакырылышы мүмкүн. Программалык жактан бул партиялар башкаларга салыштырмалуу бир топ жакыныраак. “Өнүгүү – Прогресс” партиясы да албетте көпчүлүктү түзгөн коалицияга кирет, анткени бул партиянын да коалицияга кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми “Республика — Ата Журт” партиясы менен “Бир Бол” партиялары идеялык жактан бир топ эле бири бирине жакын болуп эсептелет. “Республика — Ата Журт” мисалы либералдык көзкараштагы партия катары өзүн көрсөтүп келе жатат. “Бир Болдун” идеялык багыты коомдо көп деле байкала элек. Бирок, консервативдик багытты көздөп, либералдык багытка ыктап бара жатат. Ушундан улам көпчүлүктү түзгөн коалицияны КСДП, “Кыргызстан”, “Ата – Мекен”, “Өнүгүү – Прогресс” партиялары түзөт.

- ЖК төрагасы, өкмөт башчысы кызматтарына кимдер шайланышы мүмкүн?

— Буйруса жаңы парламент түзүлдү. Алар кийинки жумадан активдүү иштөөгө киришет. Жогорку Кеңеш албетте кайрадан эле Асылбек Жээнбековду колдойт деп ишенем. Асылбек мырза буга чейинки ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеште аябай жакшы иш алып барууга аракет кылды. Бул сапар да Асылбек Жээнбековду шайлайт деп ойлоп жатам. Ал эми өкмөт башчылыкка Темир Сариев шайланышы мүмкүн, анткени Темир Сариев акыркы 6 ай аралыгында, жакшы иштерди аткарууга жетишти. Шайлоонун үгүт иштери жүрүп жаткан мезгилде да эч жакка тартпай калыс көз караш менен баарына бирдей мамиле жасады. Мындан улам Темир Сариевге албетте атаандашчу Өмүрбек Бабанов чыгышы мүмкүн, бирок Темир Сариев өкмөткө кайра шайланат.

Источник: Focus.kg