Казакстанда КМШ мамлекет башчыларынын тар форматтагы жолугушуусу өтүп жатат

16 октября 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Казакстан республикасынын Акмоло облусунун Бурабай кыштагында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген мамлекет башчылар кеңешинин тар форматтагы жолугушуусу башталды.

Ага Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти – Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти – Эмомали Рахмон, Армениянын президенти – Серж Саргсян, Беларустун президенти –Александр Лукашенко, Россиянын президенти –Владимир Путин, Азербайжандын президенти – Ильхом Алиев, Өзбекстандын президенти – Ислам Каримов, Молдованын тышкы иштер жана европа интеграциясы министринин орун басары Андрей Галбур, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков жана Украинанын Казакстандагы убактылуу ишенимдүү адамы Юрий Лазебник катышууда.
Андан кийин мамлекет башчылары кең форматта жолугушат.

КМШ саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Уюмдун мүчөсү болуп Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Азербайжан, Молдова, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина эсептелет.

Источник: maralfm.kg