Алмазбек Атамбаевдин сунушун, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери жактырган.

Обратите внимание на дату публикации.

Бейшенбай Жунусов баңгизаттардын жана психотроптук каражаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча Борборазиялык  маалыматтык координациялык борбордун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Алардын маалыматы боюнча,  Анын талапкерлигин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевсунуштап, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери жактырган.

Аталган уюм Борбордук Азия мамлекеттеринин, Орусия менен Азербайжандын маңзат бизнесине каршы күрөшүү аракеттерин координациялайт. Уюмдун катчылыгы Казакстандын Алматы шаарында жайгашкан. 

Источник: Fakt.kg