Илмияновдун наркобарондор менен кандай тиешеси бар?

Автор: Азизбек Келдибеков
Kyrgyztoday Kyrgyztoday
Обратите внимание на дату публикации.

Шопур Икрам Илмияновду Атамбаев мураскери катары 2017-жылы президент болууга таптап жатат. Баткендин  “көмүскө ханы” аталган Икрам мырза, ошол жактан тонналап героиндер өтүп жатканын тыймак түгүл, “крыша” болуп жүрөт деген кептер бар. Эми муну далилдеш үчүн азыр чама-чаркыбыз жетишсиз, бийлик Илмияновдун колунда. Иса акесиндей болуп чабыла элек. Учурунда президент Курманбек Бакиев Максим Бакиевди түбөлүк президент кылуу үчүн Ынтымак курултайын уюштурган. Ошондо Чыныбай Турсунбековдор катышкан бул курултай кош колдоп колдогону менен бир жумага жетпей бакиевдик бийлик кулаган. Эмки бийлик 2017-жылы президенттик шайлоого талапкер катары Икрам Илмияновду таптап жатыр. “Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө жакшы ” – эртең президент болордон мурун Илмиянов азыркы бийликтеги болгон май-талкандуу жерлерди иштеп көргүсү келип, президенттин Иш Башкармасын башкарууга аттанып жатыптыр. Коёналиевди убактылуу президенттик администрацияга жетекчиликке алып келип, кийин кайра Илмиянов менен алмаштырат окшойт. Данияр Нарымбаев президенттин парламенттеги өкүлү болуп калат.Ал өз возуйпасын аткарды. Икрам Илмиянов космостук ылдамдык менен түштүктө кадыр-барк табыш үчүн, эмки жылдан баштап өкмөт башына алып келет. Ошондо сүрсүп бараткан түштүктүк саясатчылар Мадумаров, Ташиевдер Илмияновдун алдында шоона эше албай калышы мүмкүн. “Эшегине жараша тушагы” - дейт, “Машина ээсине жараша шопуру ”-деген да сөз бар, эми “Президентине жараша премьер-министри”-деген сөз чыгыптыр. Жакында азыркы бийлик Бакиевдердин таз кейпин кийбесе, анда Илмиянов 2017-жылы күч менен болсо да президент болот.

Источник: Kyrgyztoday