Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев оппозициянын пландары жөнүндө көрсөтүлгөн видео тууралуу маселеге токтолуп, бул маселени парламент карап, тиешелүү чечим чыгарышы керектигин белгиледи.
“Бул видео телеканалдардан улам-улам көрсөтүлүп жатат. Ал эми эл болсо бул маселе боюнча парламент кандай реакция кылат деп карап турат”, -деди депутат.
Ошондой эле эл өкүлү Баткен облусунда коопсуздук маселеси курч бойдон тургандыгын айтты.
“Баткен облусунда жергиликтүү жашоочулар үчүн коопсуздук болбой калыптыр. Атуулар, таяктоолор тынымсыз болууда. Эл чоочулап жатат. Мына, Тажикстанда жакында шайлоо болгон турат, ар түрдүү провокацияларга тартуунун аракети да болууда. Бул маселе боюнча тийиштүү тапшырма берип, коопсуздук маселесин колго алышыбыз керек”, -деди депутат.
Мындан тышкары депутат мыйзамдагы ууру Камчы Колбаев түрмөдө жатып иштеп жаткандыгын белгиледи.
“Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев түрмөдө отуруп алып, өзүнүн резиденциясын уюштуруп алып иштеп жатат деген маалыматтарды уктум. Бул маалыматты тактап, атайын текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүшүбүз керек”, -деди депутат.