Икрамов: Депутат болуп шайлангандан кийин диплом текшерүү мыйзамсыз

Депутат болуп шайлангандан кийин диплом текшерүү мыйзамсыз. Мындай пикирин ЖК депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Баш мыйзамда ЖК депутаты жогорку билимдүү болуусу керек деген жобо жок.

«Биз Башкы мыйзам менен жашайбыз да. Анда так жазылып турат кыргыз мамлекетинде 25 жашка чыккан жаран ЖК депутаты боло алат деп, ал жерде жогорку билимдүү болуусу керек деген жазуу жок. Ошондуктан Баш мыйзамды өзгөртүү керек же болбосо жөн эле «Жогорку Кеңештин депутаттарын диплому андай экен, мындай экен» деп өздөрүн пиар кылып, коомчулукту башка нукка бурбаш керек. Конституция менен жашаш керек», — деди эл өкүлү.

Тазабек Ирамов белгилегендей УКМКнын депутаттардын дипломун текшерүү өнөктүгү Баш мыйзамга толугу менен каршы келет.

«Башка мамлекттик кызматкерлердин текшерүүсү мүмкүн. Ал эми Жогорку Кеңештин депутатын эл шайлаган. Андыктан депутат болуп шайланган соң аны текшерүүнүн өзү мыйзамсыз», — деди Икрамов.

Источник: Govori.TV