Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

25 февраля 2022
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда аны кабыл алды.

Жолугушууда "аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду”, - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Алтынбек Сулайманов, 49 жашта. Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке келген. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясы, 2021-жылы болсо “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңештин депутат болгон. Партия жети мандатка ээ болгон.

Депутат соңку жылдары шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкаруу системасын бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Источник: Азаттык уналгысы