Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп, парламенттин 8 комитети түзүлдү. Депутаттар түштөн кийин 3 вице-спикерди шайлап, андан кийин комитеттердин төрагалары шайланды.
Алар:
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетине — Жанар Акаев;
- Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетине — Азиз Турсунбаев;
- Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине — Медер Алиев;
- Каржы, экономика, фискалдык саясат комитетине — Данияр Төлөнов;
- Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитетине — Динара Ашимова;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине — Сүйүнбек Өмүрзаков;
- Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетине — Бакыт Сыдыков;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү комитетине — Аманкан Кенжебаев төрага болду.