Арабызда бир дагы орус жараны жок, - депутат Нарматова ЖКда кыргызча сүйлөө керектигин билдирди

Обратите внимание на дату публикации.

«Биз Кыргызстанда жашайбыз, мамлекеттик тил — кыргыз тили. Биз өзүбүз Жогорку Кеңеште тилибизди сыйлашыбыз керек», - деди депутат Надира Нарматова 12-январда парламенттин жыйынында.

«Арабызда 90 депутаттын арасында бир дагы орус жараны жок. Биз өзүбүздү сыйлайлы, андан кийин башкалардан талап кылалы», - деди ал.

Нарматованын айтымында, депутат Султанбай Айжигитов эки тилде тең эркин сүйлөйт.

«Анын үстүнө түз эфирди карапайым кыргызстандыктар карап турат. Эгерде зарылчылык болбосо, маселелерди мамлекеттик тилде талкуулаш керек», - деп кошумчалады ал.

Буга чейин депутат Адахан Мадумаров тилдерди аралаштырбоону — же жалаң «таза кыргызча», же «таза орусча» сүйлөөнү сунуштаган.

Ал эми депутат Султанбай Айжигитов кыргыз тилин Мадумаровдун деңгээлинде билбестигин айтып, орус тилинде жооп берүүгө өттү.

Источник: Баракелде