Аскар Акаев күнөөсүн мойнуна алды, - УКМК

21 декабря 2021
Версия для печати

УКМК Кумтөр боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге коюлган айыптар тууралуу маалымат берди.

«Кумтөр иши боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалымат жеткирүүнү туура деп эсептейт.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

УКМК билдиргендей, Аскар Акаевге 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.

«Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат», - деп билдирди УКМК.

Источник: Баракелде