«Биз акчага жеңилдик»: «Эл Үмүтү» партиясы шайлоонун жыйынтыгы боюнча комментарий берди

17 декабря 2021
Версия для печати

Бүгүн, 17-декабрда АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Эл Үмүтү» коомдук-саясий партиясы 28-ноябрда блуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Биз акчага жеңилдик дейт партиянын төрагасы Аскар Алмаз уулу. Ошондой эле ал Борбордук шайлоо комиссиясы элге кантип туура добуш берүү керектигин жеткиликтүү деңгээлде түшүндүрө албады деп билдирди.

«Биздин партия күмөн жараткан шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноого катышты. Кол менен эсептөө жалпысынан AЭУнин протоколдоруна туура келет. Бирок Жогорку Кеңешке өткөн жана өтпөй калган партиялар кол менен эсепке келбегенин белгилеп өткүм келет», - деди ал.

Партиянын башчысынын айтымында, эгер алар парламентке өтүп калганда партия биринчи кезекте министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүү маселесин көтөрмөк. «Ал өлкөбүздү өнүгүү жолуна алып бара турган инсан эмес», - дейт Алмаз уулу Аскар.

Партия мүчөсү Болот Ибрагимов жараксыз болуп калган бюллетендердин санын кошкондо алардын партиясы талап кылынган босого чектен (5%) өтүүгө жетиштүү болмок деп белгиледи.

Партияны келечектеги пландары тууралуу айткан Канышай Рысбекова: «Партия ишин улантат, талапкерлердин бири да командадан кеткен жок», - деп билдирди.

«Эл үмүтү» партиясы шайлоого эски саясатчыларсыз, жаңы жаш кадрлар менен барганын партиянын мүчөсү Карыбек уулу Улугбек билдирди.

«Тилекке каршы, парламентке өтпөй калдык. Биз акчага жеңилдик. Бирок бул бизди күчтүү кылат, биз алдыга умтулабыз», - деди ал.

Партия Аскар Алмаз уулун Биринчи май же Свердлов округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүнү карап жатат.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Эл үмүтү» партиясы 58 215 добуш (4,5%) алган.

Источник: Баракелде