Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын кароо кийинкиге жылдырылды

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасын кароону кийинкиге калтырды.

Аны сот жыйынына алып келишкен жок. Процесс 10-декабрга жылдырылды.

Буга чейин саясатчы «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Жээнбековду жана ушул иш боюнча камалган депутат Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун киргизген.

  • Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн баш тартса, бул аларды камактан бошотууга негиз болорун, ал эми аларга карата иш алардын ыйгарым укуктары аяктаганга чейин токтотуларын билдирген.

ЖК парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты.

Источник: Баракелде