АИ-92 бензини бүгүн 78 сомдон болушу керек болчу, - Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы

Обратите внимание на дату публикации.

«Мунайдын баасы төмөндөдү. Бул кандайдыр бир деңгээлде күйүүчү-майлоочу майлардын баасына таасирин тийгизет деп ойлойм», - деди Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын директору Кеңешбай Тайлаков 7-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

«Айланма жолдогу ишкерлер кантип Казакстандан бензинди арзан баада сатып алып, бул жерден сатып жатканы тууралуу маалыматым жок. Биз негизги оюнчулар 3 жеткирүүчү компания болуп саналган биздин рынок үчүн жоопкерчиликтүүбүз», - деди ал.

Депутат Акылбек Кемелов бул процессти көзөмөлгө алса болот деп эсептейт.

«Кантип алып келишкенин сураштырса болот да. Мониторинг жүргүзүүгө болот. Менимче кошумча иштерди кылышыбыз керек», - деп кошумчалады ал.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин башчысы Кеңешбай Тайлаков АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бүгүнкү күндө литрине 78 сомдон болушу керек экенин билдирди.

«Биз муну болтурбоо үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Тиешелүү иштерди жүргүзбөгөндө баалар ушундай деңгээлге жетмек. Атайын факторлор колдонулду, кескин секирүү болгон жок», - деди ал.

Источник: Баракелде