Комиссия Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушунан баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек ЖээнбековТөрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча комиссия чечим чыгарды.

Алар үч кесиптешин кол тийбестиктен ажыраткан жок. Чечим Конституциянын 78-беренесинин негизинде кабыл алынды, анда мындай деп айтылат:

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутатты кылмыш жасаган жеринен кармаган учурларды кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет.

Комиссия мүчөлөрү:

Евгения Строкова («КСДП»)

Авазбек Абдугапаров («Республика - Ата-Журт»)

Канатбек Исаев («Кыргызстан»)

Бейшеналы Нурдинов («Кыргызстан»)

Алмазбек Токторов («Кыргызстан»)

Тазабек Икрамов («Кыргызстан»)

Мамасадык Бакиров («Бир Бол»)

Эмил Токтошев («Ата Мекен»).

Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда Кумтөр иши боюнча кармалган. Ошондон бери алар камакта.

Жетигенов бийликти күч менен басып алууга даярданган деп шектелүүдө. Ал ноябрь айынын аягында кармалган.

Источник: Баракелде