Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 63 жашка толду. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейид Атамбаев фейсбук баракчасына куттуктоо жазып чыкты.
: “Бүгүн бир кызык дата бар: Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков туулган күнүн белгилеп жатат.Үмүт деген ысымдуу жигит каза болду жана ондогон мекендештерибиз майып болушту. Ал күн жөнүндө эмне деп ойлойт билбейм.
Мүмкүн ал өзүнүн бийлигин жеке коопсуздугуна пайдалуу түрдө алмаштырып алганына сүйүнгөн чыгар. Анын күнөөсү менен анын мурунку достору дагы эле түрмөдө отурушат. Мен жеке эсептешүүнүн жактоочусу эмесмин. Бирок Сооронбай Жээнбековдун көзү тирүү кезинде бүтүндөй Кыргызстанга анын ким экенин, эмне кылганын көрсөткөн сот процессине барарына чын дилимден ишенем. Бул өлкөнүн социалдык өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.
Сооронбай Шарипович, сизди эстейбиз! Эгер көзү тирүүсүндө андай сот жаралбай, тарых соту сени соттосо, муну да эстен чыгарба. Эртеби-кечпи ар бир адамдын башына келе турган сот жөнүндө да. Такыбалыгыңарды мактаганды абдан жакшы көрчү элеңер, бирок Жараткан эки жүздүүлөрдү жактырбайт», — деп жазган Сейидбек Атамбаев.