Депутат Никитенко: "Акыркы учурларда курч маселелерди кароодо Жогорку Кеңеш кечигип жатат"

13 октября 2021
Версия для печати

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко "Кумтөр" боюнча маалымат угууну сунуштады.

"Жогорку Кеңеш акыркы учурларда кечигип иштеп жатат. Өлкөдөгү курч маселелерге реакция кылуу боюнча кезигип жатабыз. Күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу маселе күн тартибине кирди. Бирок азыр күздүн ортосу болду. Мен мурунку айда бул боюнча кайрылгам. "Кумтөрдө" эмне болуп жатканы боюнча маалымат угушубуз зарыл. Депутаттардын суроо-талаптарына жооп жок. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча келишимдерди кабыл алып берген, маалымат алганга укугу бар. Жакынкы күндөрү маалыматтарды угушубуз шарт", - дейт ал.

Источник: Super.kg