Аксакалдар Курсан Асановду үй камагына чыгарууну суранышты

АКИpress -  Бүгүн, 4-октябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынга катышкан аксакалдар камактагы Курсан Асановду үй камагына чыгарууну суранышты.

Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Асановдун ишин адилеттүү, мыйзамдуу кароону талап кылышты.

КРнын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков октябрдагы жана Кой-Таштагы окуяларда Асановдун эмгеги чоң экенин белгиледи.

«Октябрдагы окуяларда президент, милиция кызматкерлери качып кеткенде, Асанов башын сайбаса эмне болмок? Ал ыктыярчылар менен чогуу шаарды талап-тоноодон сактап калды. Курсандай кишилерге кызмат берип, эл үчүн иштетиш керек. Кордоп, түрмөгө камап койгонуна кыжырданып жатабыз», - деди Шадыбеков.

Филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан учурда Асановдун абалы жакшы экенин айтты.

«2010-жылдагы Оштогу окуяларда да эрдик көрсөткөн. Кой-Таш окуясында тынчтык үчүн мурдагы президент Атамбаевди көндүрүп, жагдайды жөнгө салган. Курсан Асановго мээримдүүлүк менен мамиле кылып, үй камагына чыгарууну суранабыз», - деди Садык Алахан.

Эмгек баатыры Мамыт Салимбаев Асановдун жердеши экенин белгилеп, Асанов Ош облусунда атайын багыттагы аскерлердин жетекчиси болуп иштеп жаткан учурдагы бир окуяны айтып берди.

«Акча тоноп, киши өлтүрүп, эки адамды унаада барымтада алып отурган бир кылмышкер айдоочу сураганда, Асанов жөнөкөй кийим кийип, унаага отурган. Барымтага алган адамда тапанча бар болчу. Ал терин аарчып жатканда, Асанов колун кармап алып, аскерлерди чакырып, кылмышкерди унаадан сууруп чыккан. Асанов — жүрөгүндө жалын бар адам», - деди Салимбаев.

Ошондой эле маданиятка эмгек сиңирген ишмер Адылжан Абдуллаев бир кадрды даярдоо өтө кыйын экенин белгиледи.

«Курсанды баалабай, кайра кордогон — өтө жаман иш. Кара-Суу элинин атынан суранам. Эмне үчүн Октябрдагы окуяларда качып кеткен Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев эркиндикте, үй-бүлөсүнүн жанында жүрөт? Эл арасында ушундай суроо жаралып жатат», - деди Абдуллаев.

Эмгек баатыры Таалай Бегматов да өлкө Асановдой адамдарга муктаж экенин айтты.

Курсан Асанов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен СИЗО-50 абагына 2 айга камакка алынган. Ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деген шек менен 13-сентябрда камакка алынган болчу.

Источник: Баракелде