Жапаровдун ишенимдүүлүгү оптимизмге жетелейт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстан эл аралык соттордо кандай болгон күндө да Кумтөр маселеси боюнча өз позициясында турат деген ишенимдүүлүгү бери дегенде эле оптимизмге жетелейт жана биздин өлкө үчүн оң натыйжа берет деген үмүттөндүрөт. Бул логикалуу, Жапаров бир топ жылдарын аталган кен чыккан жер үчүн күрөшкөн, ал үчүн ак жеринен абака отургузулган адам, анын ушунчалык чечкиндүү турушу таң калыштуу эмес.
«Эми биз алтыныбызды сата албайбыз» деген ажиотаж көтөргөн биздин айрым жарандарыбызга мен айткым келет, - тынчсызданбагыла. Алтын ар дайым өз рыногун табат. Кардарлар кезекке турушат.
“Эл аралык арбитражда утулуп калсак эмне болот?” дегендер да бар.
Биз утулбайбыз, биз утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасири астында жеңилип калдык дейли. Анда эмне болот? Алар «Кумтөрдү» өзүнө өткөрүп алышабы?
Жерибиз, тоолорубуз, байлыгыбыз биздики, акыры элибиз да биздики, туурабы? Эң негизгиси – эл колдоп турат », - деди мамлекет башчысы кечээ сүйлөгөн сөзүндө.
Элдин колдоосуна келсек, саясат таануучулардын жана эксперттердин массалык маалымат каражаттарындагы көптөгөн билдирүүлөрү менен далилденгендей, президент сөз жок мындай колдоого ээ. Анын үстүнө, алардын баары, анын ичинде оппозициялык күчтөр да бул маселе боюнча баардыгы Жапаров менен биригиши керек, анткени таразанын ташында мамлекеттин тагдыры, кызыкчылыгы турат
«Баары түшүнүшү керек, биз бүткүл дүйнөгө Кумтөр боюнча өзүбүздүн бекем позициябызды көрсөтүүбүз керек. Бул үчүн өлкөнүн бардык күчтөрүн бириктирүү абдан маанилүү. Шайлоо жакындап жатат, көптөгөн талапкерлер бул теманы пайдалангысы аракеттенип жатышат, бирок бул жерде мамлекеттик кызыкчылык жеке кызыкчылыктан жогору турууга тийиш, - деди юрист Айдар Мамбеткадыров.
Учурда канадалыктар да кол куушуруп, бош отурган жок. Отуз жылга жакын биздин өлкөнүн улуттук байлыгын ээлеп алган Кумтөрдүн мурдагы кожоюндары кайрадан алтын кенин өз көзөмөлүнө алуу үчүн бардык аракеттерди жасап жатышат. Алар дүйнөлүк коомчулукта өздөрү тууралуу пайдалуу ой-пикирди түзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (анын ичинде чет элдик) тартып, ишке киргизди. Жеткирүүчүлөргө кысым жасап, өндүрүштү токтотууга аракет кылышууда. Кыргызстанда дооматтарын артышууда.
Кыргызстан үчүн азыр бул кырдаалды логикалык жактан аягына чыгаруудан башка арга жок. Көп жылдар бою уят-сыйыты жок инвесторлор биздин коррупцияга баткан чиновниктердин көмөгү менен улуттук байлыкты өлкөдөн чыгарып кетишти. Жыйынтыгында Кыргызстан туңгуюкка капталды. Баары, анын ичинде президент дагы, биз мурдагыдай жашоого мүмкүн эместигин жана азыр андай болбой тургандыгын түшүнүп жатышат. Ачык айтканда, мындан ары абалыбыз улам начарлайт, акырында мамлекетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Источник: Маалымат.КГ