«Сизге саясий басым болдубу?»: Толкунбек Абдыгуловдун жообу

29 сентября 2021
Версия для печати

АКИpress -  Отставкасы тууралуу айтылып жаткан Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин бүгүн, 29-сентябрдагы жыйынына келди. Анын алкагында депутат Наталья Никитенко: «Сизге саясий же башка басым болдубу?», - деп сурады.

«Эч кандай саясий басым болгон жок. Буга чейин айткандай, президенттен сунушталды. Президент бүгүн тиешелүү буйрук чыгарганын айтышты. Мен Кыргызстандын атынан Эл аралык валюта фондуна кеңешчи болуп барам. Анткени акыркы учурда Кыргызстандын квотасы кеңейтилген. Бул иштерди өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн багыттоо керек», - деди Т.Абдыгулов.

Источник: Баракелде