Алмамбет Шыкмаматов кызматын тапшыра турганын жана себебин айтты

28 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров менен инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов жолугушканын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы министрликтин ишинин жыйынтыгын жана Кыргызстандын экономикасына чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматты укту.

«2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4%га көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323,5 млн АКШ доллар суммасындагы 5 долбоор турат.

2021-жылы жалпы суммасы 75 млн АКШ долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, Кыргыз-өзбек жана Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатканы жана башкалар белгиленди.

Аны менен бирге Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешти шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Президенттин жарлыгы менен Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Источник: Баракелде