Жээнбеков менен Зулпукаров эмне үчүн кармалганын Зулушев түшүндүрдү

22 сентября 2021
Версия для печати

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эмне үчүн кармалганын билдирди.

Анын айтымында, алар азыркы мыйзамга ылайык абакта отурат.

"Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, депутаттар өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда кармалышчу. Азыркы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары оор кылмыш жасаган учурда кармалат",- деди Зулушев.

Источник: Медиа центр