Башкы прокуратура «Спартак» стадионуна эл эмне үчүн чогулганын тактайт

22 сентября 2021
Версия для печати

АКИpress -  Башкы прокуратура «Спартак» стадионуна эл эмне үчүн чогулганын тактайт. Бул тууралуу 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутат Дастан Бекешев маалымдагандай, 17-сентябрда милиция кызматкерлери «Спартак» стадионуна чогулган. Алар жарандык формачан болушкан. «Кимдир бирөө бул фактыны текшерсе жакшы болмок. Ушундай болду беле?», - деп сурады ал башкы прокурор Курманкул Зулушевден.

Өз кезегинде Зулушев бул маселени тактайм деп жооп берди.

«Милиция кызматкерлеринин жолугушуусу тууралуу менде маалымат жок. Мен да сизге окшоп, социалдык тармактан карапайым жарандар эмнегедир чогулганын окудум. Эгер талап кылсаңыз, биз тактай алабыз», - деп кошумчалады ал.

Источник: Баракелде