Нарынбек Молобаев: «Орусия Кыргызстанды колунан чыгаргысы келбейт»

17 сентября 2021
Версия для печати

«Биздин боордош мамлекеттер эки ача саясат жүргүзүп жатышат», - деди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молобаев.

- Нарынбек агай, неге Кыргызстанда кызматка илешпей калгандын баары эле өзүн оппозиция сезип, бийликти сындаганды адат кылып алышкан?

- Кыргыз саясатчыларынын табияты ошондой окшойт. Бир топ атактуу белгилүү саясатчылар Бакиев менен бирге революция кылышты. Кийин кызматка илинбей калганда кайра Бакиевди жамандашты. Ошондой эле Атамбаев, Жээнбековдун шайлоосуна колдоо көрсөтүп чуркап жүргөндөр да кызматка илинбей калганда кайра душман болуп чыга келишти.

Азыр деле ошондой. Сыягы, саясатчылардын жаратылышы ошондой болот окшойт. Өзгөчө кыргыздар кичине эле салам бербей калса таарынып, карабай калды, жакшылыгымды билген жок деп душман көрүп алабыз.

- Нарынбек агай, жаз келсе күздө, күз келсе жаздай бийлик алмашат дейбиз. Же болбосо шайлоо сайын бийликти алмашат деп болгоойбуз. Кыргызстандагы бийлик алмашуу кыргыз саясатчыларына эле зарылбы же аларга дем күч берген кызыкдар мамлекеттер да барбы?

- Шайлоодон кийин бийлик алмашат деген сөздөрдү мен да угуп жатам. Сыягы, Кыргызстанда бийликтин алмашат деген сөздүн күч алышына сырткы күчтөрдүн да таасири бар окшойт. Алар кызыкдар болгон үчүн ушундай туура эмес маалыматтарды таркатып, медиа аркылуу фейктерди коё берип жатышат.

Өкүнүчтүүсү, биз бул адатыбыз менен бийлик алмаштырууну адатка айлантып бара жатабыз. Бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн бийлик алмаштыра берсек, ушу турган кошуналарга эле кадыр-баркыбызды жоготобуз. Тагыраагы, бийликти эртең менен тура калып эле басып ала берсек, ушундай өлкө менен кантип иштешебиз деп кошуналар да сыйлабай калат.

Бирок, Кыргызстанга сырткы күчтөрдүн океандын ары жагындагы батыш өлкөлөрүнүн жана Россиянын да геосаясий кызыкчылыктары бар экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Алардын кызыкчылыгы болгон үчүн алар бийлик алмаштырууну каалашат. Туш тараптан таасирин тийгизүүгө аракет кылышат.

Маселен, Орусия Кыргызстанды колунан чыгаргысы келбейт. Эгер чындап Кыргызстанга жакшылык кааласа, бизди марионетка катары карабай, тең карашы керек эле. Орусиянын ушундай саясат жүргүзүп жатканына ичим күйөт.

Өкүнүчтүүсү, биздин боордош мамлекеттер эки ача саясат жүргүзүп жатышат. Биз боорубузду берип, чын дилибиз менен тартылсак да, алар өз билгендерин кылып жатышат. Ага ким күнөөлүү экенин билбейм, бирок алардын жакшы эмес саясаты деп ойлойм.

Источник: NazarNews