"Ой, койсоңорчу. Авамды уят кылып бүтмөй болдуңар!". Балбак Түлөбаев маданият өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча оюн айтып чыкты

16 сентября 2021
Версия для печати

Бишкектин мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маданият кызматкерлеринин президентке жазган кайрылуусу боюнча пикирин айтып чыкты. Ал маданият тармагы ит ыйлай турган абалда экенин, биринчи ошол маселени көтөрүүнү сунуштаган.

"Аттын изине иттин изи аралашып кетти. Авамды (ред.: Садыр Жапаров) уят кылып бүтмөй болдуңар. Ой, койсоңорчу! Силер жок эле эл колдоп алат. Элди бөлүп, чыңалтпай. Андан көрө маданият ит ыйлай турган акыбалда, ошону көтөрчү биринчи. Ким ушуну ойлоп таап сунуштаса, акылыңарга береке.

Ой, элди бириктирип, ынтымакка алып келе албай жатсак... Азыр позиция, оппозиция, бийлик бутактары бир муштум боло турган убак, кыргыз үчүн, өнүгүүсү үчүн. Чыңалып, түйүлгөн муштум менен ызырынып, тиштенип шайлоого барган болбойт. Токтойлу! Кепке келели. Өлкө бирөө эле", - деп айтылат анын социалдык тармактагы билдирүүсүндө.

Буга чейин айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан.


 

Источник: SUPER.KG