«Бул мыйзамды бузуу». Эмне үчүн саясатчылар А.Келдибеков менен И Исаков суракка чакырылды?

16 сентября 2021
Версия для печати

АКИpress -  Саясатчылар Ахматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков ИИМдин имаратынан сурактан чыгып, эмне үчүн чакырылганын айтып беришти.

Келдибековдун айтымында, алар мамлекеттик төңкөрүш даярдалып жатат деп бир катар ишмерлердин кайрылуусуна байланышкан иш боюнча тергөө иш-чараларынын алкагында суракка чакырылган.

«Бул мыйзамды бузуу, коркутуу жана эркиндикке кысым», - деди Исмаил Исаков.

Журналисттин бул келе жаткан шайлоого байланыштуубу деген суроосуна Исаков баары мүмкүн экенин айтты.

«Балким, бул шайлоого барбоо же тигил же бул командага кошулбоо үчүн болуп жаткандыр. Бирок биз ачыкка чыгарбоо боюнча келишимге кол койдук. Биз айта албай турган көп нерсе бар.

Видео билдирүү жасаган адам андай эмес деп айтты. Муну ойлоп тапкан адам жазасын алсын», - деди ал.

Источник: Баракелде