Бекешев: Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек

9 сентября 2021
Версия для печати

Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

“Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Депутаттардын кимиси партиялык, кимиси бир мандаттуу округдан шайланып келери белгисиз. Бирок партиялык тизме аркылуу шайлоого баруу жаштар менен аялдар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Себеби аялдардын 30% квотасы бар. Бир мандаттуу система менен шайлоого барган адам бай же популярдуу болуш керек”,-деди Бекешев.

Видео 

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде кабыл алынган мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланат.

Источник: govori.tv