Депутат Тиллаев: Бир мандаттуу система аймактык ажырымга алып барат

9 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

28-ноябрда өтө турган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келет. Эл өкүлү Таабалды Тиллаевдин пикиринде, бир мандаттуу система аймактык ажырымга алып барышы мүмкүн.

“Бир мандаттуу системада түшүнбөстүктөр пайда болот. Мен бул мыйзамга каршы пкиримди билдиргем. Биз мурдагы системага кайтып жатабыз. Бул аймактык ажырымга алып барат”,-деди Тиллаев.

Видео 

Белгилей кетсек, бул жолу парламент партиялык ачык тизме (54) жана бир мандаттуу округдар (36) аркылуу шайланат. БШК бир мандаттуу округдар облустардын негизинде түзүлүп жатканын, өлкө боюнча 36 округдун ар биринде 80 миңден кем эмес жана 120 миңден көп эмес шайлоочу болушу керектигин маалымдаган.

Источник: govori.tv