Коронавирус менен ооругандан кийин абалы начар, - жактоочу Атамбаев тууралуу

7 сентября 2021
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

АКИpress -  Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата жүргүзүлгөн медициналык экспертизанын жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев коронавирус менен ооругандан кийин абалы начарлап кетти.

«Эксперттер жүрөк оорусун жана омурткаларында көйгөй бар экенин аныкташты. Ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорусу бар жана стресс болгондо кардиологиялык оорулары козголуп, абалы оорлошуп кетиши мүмкүн», - деди Слеварев.

Ал экспертизанын бардык материалдары Биринчи май райондук сотуна келип түшкөнүн кошумчалады.

«Биз Алмазбек Атамбаевди абактан бошотууну талап кылабыз», - деди Слесарев.

Источник: Баракелде