Парламенттик шайлоого катыша турганын билдирген «эски» партиялар кайсылар?

6 сентября 2021
Версия для печати

АКИpress -  Бүгүнкү күндө 75 партия 28-ноябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.

Алардын ичинде жаңы, коомчулукка тааныла элек партиялар, ошондой эле 1990-жылдары түзүлгөн партиялар бар.

АКИpress парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган «эски» партиялардын тизмесин даярдады:

«Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясы. 1991-жылы 30-декабрда түзүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүн бири жана төрагасы - Турат Дүйшеев.

«Ата Мекен» социалисттик партиясы. 1992-жылы 16-декабрда түзүлгөн. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы партияларынын бири. Лидери жана негиздөөчүсү — Өмүрбек Текебаев.

Кайсы жылдары парламенттик шайлоого катышкан: 1995-жылы (3 мандат), 2000-жылы (1 мандат), 2005-жылы, 2007-жылы, 2010-жылы (18 мандат), 2015-жылы (11 мандат), 2020-жылы (өткөн жок).

«Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»1994-жылы 14-октябрда түзүлгөн. 2000-жылы жана 2010-жылдагы парламенттик шайлоолорго катышкан. Экөөндө тең өткөн эмес.

«Ар Намыс» партиясы. 1999-жылы 19-августта түзүлгөн. Лидери жана негиздөөчүсү — мурдагы премьер-министр (2005-2007) Феликс Кулов.

Кайсы жылдары парламенттик шайлоого катышкан: 2010-жылы (23 мандат), 2015-жылы (өткөн эмес).

«Баба Дыйкан» Кыргызстан дыйкандарынын (фермерлеринин) партиясы1999-жылы 22-сентябрда түзүлгөн.

Негиздөөчүлөрүнүн бири жана төрагасы — Эсенгул Исаков. Ал кийинчерээк «Ар Намыс» партиясына мүчө болгон.

Источник: Баракелде