Президент болом деп догурунган Сапар Исаковду Кремль көчүккө тээп кубалап, Европага кетти

Автор: Азизбек Келдибеков
Nazar News.kg Nazar News.kg
3 сентября 2021
Версия для печати

2020-жылы күзүндөгү башаламандыктан пайдаланып Сапар Исаков «Газпромго» жалдырап барып, Канттагы базадан түз эле Москвага учуп кеткен. Бир жылдан бери Кремлде кимдир бирөөлөр оозуна момпосуй салышып кокус Кыргызстанда башаламандык болуп кетсе президент кылабыз деп багып жатышкан. Кремлге Сапар Исаков кайсы жеринен жакпай калды ким билет. Ал жерден Интерполь аркылуу Кыргызстанга кармалып берилбей Батышты көздөй куулуптур. Сапар Исаков эми батыштын таманын жалап, батышчылдын Туусуна айланат болуш керек. Сапар Исаковдун Кумтөр алтын кенинде кандай  «чыгармачылыгы» бар, ошого токтололу.

 «Центерранын» Кыргызстанга болгон карыздарын мыйзам боюнча кечкендер кимдер? Кыргызстандын мыйзамдары боюнча мөңгүлөргө жакын кендер иштетилбейт. 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүүлөр кирет, мөңгүлөрдүн 30 пайызы гана калды, калгандары эрип жок болууда дешип парламенттеги депутаттар кош колдоп колдоп беришкен. «Центерра голд» компаниясына кудай берип, каалаган жерге таштаган таштандылары мөңгүлөрдү ого бетер жок кыла баштаган. Ал эми плотиналары жарылып иштеп жаткан кызматкерлерге коркунуч туудурушу мүмкүнчүлүгү туулган. Акыркы жылдары таштандылар жыйылып отуруп 2 миллиард 300 тоннага чейин жетти. 2014-жылы эле «Центерра голд» компаниясы жайыттарды каза баштаганы үчүн 400 миллион сом айып пулга жыгылган. 2017-жылы 11- сентябрда Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда стратегиялык келишимдер 15,5 миллиард сом доолордон баш тартып, соттук териштирүүлөрдөн баш тарттырган. Ушул эле келишим боюнча  эгер башка бирөөлөр «Центерра голд» компаниясын доого жыкса, өкмөт төшүн ДЗОТко тосуп бул компаниянын кызыкчылыгын коргомок.

Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда стратегиялык келишимдерден улам 2017-2018-жылдары 1 миллиард 166 миллион доллар салыкка төгүлгөн эмес. Экологиялык катастрофадан улам кыргыз мекенчилдери «Центерра голд» компаниясын сотко беришкен, сот алардын доосун туура көрүп 3 миллиард 86 миллион төлөп берүүсүн чечкен. Бардыгын эсептегенде «Центерра голд» компаниясынын кыргыз тарапка бере тургандары 4 миллиард 200 миллион сом. Сапар Исаковдун шалаакы келишимдерине таянган «Центерра голд» компаниясы бардык доолор мыйзамдуу алынып салынган деп ичтеринен күлүп жатат.

Сапар Исаковдун келишимдерине таянган «Центерра голд» компаниясы бардык доолор мыйзамдуу алынып салынган деп ичтеринен күлүп жатат. Эмнеге? Кумтөр алтын кени боюнча Өмүрбек Бабанов,Темир  Сариев,Талант Узакбаев, Исхак Пирматов сыяктуу «акулалар» кармалды, «ТЭЦ иштери боюнча» кармалып, 2020-жылы октябрда Жээнбеков Равшан экөө бир убакта чыгарылып,  9- октябрда бийликти басып алабыз деген тилеги ишке ашпай, башкалар мыйзамды сыйлап жаткан түрмөсүнө келишсе, камактан жаа боюу качып, Канттагы орус авиабазасына жашынып барып, Газпромдун жардамы менен Орусияга кире качкан Сапар Исаков ТЭЦти да, Кумтөрдү да уруп ойнобой Орусияда чалчаңдап жүрөт. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоо боюнча постулаттарды президенттин аппарат жетекчиси кезинде даярдап, 2017-жылы августтун аягында кыргыз өкмөтүнүн башына келген Сапар Исаков «Центерра Голд» менен 11-сентябрда стратегиялык келишимдерди түзүү менен ишин баштаган. Бул келишимдердин негизинде кыргыз өкмөтү «Центерра голд» компаниясына  Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалап жатат деген экологиялык претензияларды коюудан баш тарткан. Ушул келишим менен Сапар Исаков Кыргызстандын башында чума сыяктуу каалгып турган экологиялык жана техникалык коопсуздук турганына көз жуумп, андан тышкары «Центерра голд» компаниясы бир нече миллиондогон сом түшө турган салыктарды төлөбөй турган болгон. 2019-жылдан ушул келишим ишке аша баштамак, ал мезгилде «Центерра голд» компаниясы экологияга жана социалдык фондко акча каражаттарын бөлүп, алардын эсебин жыл сайын жаңылап турууга маалкатып макул болот.  «Центерра Голд» компаниясы менен 11-сентябрда түзгөн жаңы стратегиялык келишимдер боюнча Сапар Исаков элдин атынан экологиялык талап койгонду алып салат, Кумтөрдүн үстүнөн иликтөө кылганды түп-тамыры менен токтотот, Кумтөргө болгон талаштуу маселелерди жөн-жай эле чечип койот, «Центерра голд» компаниясы салыктарды төлөбөй турган болот. Андан тышкары 2009-жылы түзүлгөн келишим өз күчүндө калат. Бул жерден ар бир адамга эле түшүнүктүү болуп турат, Сапар Исаков мындай кылымдык «аферага» бекер эле бара койбосу белгилүү. «Бекер эт капканда гана болот», бул иштерди жакшылап иликтеген кишилерге миллиондогон жашылбай доллардын жыты каңырсып жыттанып турат. Курсагы миллиондорго кампайган, өкмөт башында турган Сапар Исаков «Центерра голд» компаниясын көкөлөтө мактап мындай деген: «Ушул күндөн баштап Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кумтөр маселеси саясаташтырылбашы үчүн кам көрөт. Азыр биз эки мөөнөт коюп жатабыз, бул келишим күчүнө киргенден баштап эки тараптуу мамилелер жакшы жагына өтө баштайт. Кумтөрдө аяктап бараткан кендин ал-абалы өтө маанилүү экендигин баса белгилеп өткүм келет. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү айлана-чөйрөнү коргоого өзгөчө көңүл бөлөт. Биз  табиятты коргоону каалайбыз. Кумтөрдөгү иштер кыргыз эли үчүн чыныгы пайда алып келишин каалайбыз. Кумтөр долбоорундагы иштер ачык жана ар бир жарандын барына бирдей болушун каалайбыз».

Кумтөр долбоорундагы иштер ачык жана ар бир жарандын барына бирдей болдубу? Сапар Исаковдун минтип «Центерра голд» компаниясына жан тартып калган соң мамлекеттик комиссия тарабынан «Кумтор Голд Компани» жана «Кумтор Оперейтинг Компани» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүү шар токтогон. Бул комиссиянын негизги иши алтын казып алып жаткандар мөңгүлөрдү талкалоо менен мамлекетке зор оорчулук алып келип жаткандыктан түзүлгөн. Андан тышкары кенден чыккан таштандыларды мөңгүлөргө төгүп, алтын кениннин өндүрүшүнө сууларды мыйзамсыз пайдаланып жатышкан. Кыргыз мекенчилдери экология боюнча көптөгөн  маселелерди көтөрүп жаткандыктан «Центерра голд» компаниясы экологиялык төлөмдөрдү жыл сайын 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрөт, жаратылышты коргоо фонедуна 50 миллион доллар бөлөт, онкологитялык борборго 10 миллион доллар которот.

Сапар Исаков өкмөт башчылыгынан отставкага кеткен соң аны менен түзүлгөн стратегиялык келишимдер токтойт. Жаңы өкмөт башчысына келген Мухаммедкалый Абылгазиев бул келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгына эч жооп бербесин айтып, «Центерра голд» компаниясы менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдын 11-сентябрда түзүлгөн келишим көптөгөн көйгөйлөрдү түзүп жатканын баса белгилеген. Абулгазиевдин өкмөтү Сапар Исаков түзгөн келишимге макул болбой, ал күчүнө кире электе өзгөртүүнү сунуштаган.

Сапар Исаков түзгөн стратегиялык келишим күчүнө кире электе, жараксыз катары жокко чыккан. Эгер ал өкмөт башчысы катары кала бергенде бул келишимдин негизинде кыргыз жерлери талкаланууга дуушар болмок. Сапар Исаковдун өкмөтү «Центерра голд» компаниясына өзүнүн доосун алып коюу үчүн 87 миллион доллар өлчөмүндө компенсация катары төлөмөр кылса, Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү эки жылдык сүйлөшүүлөрдөн соң бул сумманы жогорулатып 150 миллион долларга жеткирген. Андан тышкары жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар төлөгөндөн тышкары «Центерра голд» компаниясы аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фондун түзүп, мунун бюджетине «Центерра голд» компаниясы ай сайын түшүн жаткан пайдасынын 0,4 пайызын төгүн турууга милдеттенген.

Сапар Исаковдун келишимин жокко чыгаргандар таштандыларды рекультивациялоо боюнча атайын фонд түзүшүп, бул фондко  «Центерра голд» компаниясы 69 миллион доллар акча бөлүп, жыл сайын 6 миллион доллар менен толукталып турмак. Бирок бул акча каржаттарын кайсы убакта төлөө керектигинин шартын көрсөткөн эмес. Сапар Исаковдун ашмалтай келишиминен айырмаланып геологиялык чалгындоо кылууга 16 миллион доллар багытталаган.  

Көпчүлүктүн пикири боюнча Сапар Исаковдун келишими экологиялык зыян алып келгендерге даңгыр жол ачып туура эмес иш кылган. «Центерра голд» компаниясы Кыргызстандын таза суусун өндүрүшкө пайдаланып бир тыйын да төлөгөн эмес. Кыргыз элинин өз жарандары суу үчүн акы төлөп келишет. Сапар Исаковдун аракети менен биздин парламент аларга сууну бекер бергени аз келгенсип, мөңгүлөрдү жоготууну мыйзамдаштырган. Сапар Исаковдун келишимин шарттары кыргыз эли үчүн абдан зыяндуу болгон. Муну кылмыш десе да болот. Албетте, бул иштер эл аралык соттордо териштириле баштаганда, биринчи иретте ички мыйзамдар каралышы керек. Ал эми ички мыйзамдарды  Сапар Исаковдун келишимдери сыяктуу мажүрөө мыйзамдар муунтуп турат.

Сапар Исаковдун шалаакы келишимдерине чейин же 1996-жылдан баштап өндүрүштөн чыккан таштандылары менен айлана чөйрөнү бузганы үчүн Мамлекеттик экотехинспекция «Центерра голд» компаниясына көптөгөн арыздар сотко түшкөн.  Алардын ичинен экөө каралып, «Центерра голд» компаниясы экологиялык зыян келтиргени үчүн 7 миллиард сом төлөмөк.

Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү талкаланып жок болуп кеткенин, бирок муну Жогорку Кеңеш аркылуу мыйзамдаштырып коюну суранат. Парламент тарабынан Сапар Исаков президенттик аппарат жетекчиси катары даярдаган Кумтөргө экологиялык кесепеттерди алып келген бул мыйзамдар кабыл алынат. 2017-жылы 11- сентябрда Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтү менен «Центерранын» ортосунда стратегиялык келишимдер түзүлөт. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү талкаланууга жол берилип, Кыргызстанда экологиялык катастрофаларга бут тосулбай жол ачылат.

Источник: NazarNews