Баракелде - КРнын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Уфа шаарына бүгүн, 9-июлда агасынын сөөгүн жерге бергенден кийин учат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдада.
Президент Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Калыйбек Шаршеновкечээ, 8-июлда каза тапкан. Шаршенов акыркы жылдарды Аламүдүн районунда президенттин туулган айылы Арашанда жашап жүргөн.
Белгилүү болгондой, сөөк кечке маал жерге берилет.
Буга байланыштуу Шанхай кызматташтык уюмунунун самитине катышуу үчүн Атамбаевдин Уфа шаарына учуусу бир нече саатка артка калтырылды. Башында иш сапарга бүгүн, 9-июлда түшкө маал учуу пландалган.