С.Жээнбеков: Мигранттарга укуктук колдоо көрсөтүүгө көңүл бурабыз

Автор: Субанбек Исмакеев
Марал радиосу Марал радиосу
19 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жолдоду.

Анда мамлекет башчысы, мигранттар жакшы жашоо, жаңы билим, жаңы технология издеп, таман акы, маңдай тери менен жаңы жетиштүү турмуш курууга умтулган жаштар экенин токтолгон. Ошондой эле, өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, мектеп, спорт комплекс жана башка социалдык жана инфраструктуралык объектилерди курууга жардам беришүүдө.

С.Жээнбеков билдиргендей, мамлекет тарабынан эмгек мигранттарын, айрыкча ЕАЭБ аймагында эмгектеген мекендештерди колдоо үчүн көп иштер жасалган, өлкөдө мүмкүн болушунча көбүрөөк жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

Ошону менен бирге, чет өлкөлөрдөгү биздин мекендештерибиз менен тыгыз байланышта болуп, эмгектенип жатышкан мигранттарга укуктук жактан колдоо көрсөтүүгө, биринчи кезекте коопсуз миграцияны камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурабыз, — деп айтылат мамлекет башчынын сөзүндө.

Кайрылуу соңунда президент Сооронбай Жээнбеков көз карандысыз, экономикасы күчтүү бардар Кыргызстанды биргелешип курууга чакырып, мигранттарга бекем ден соолук, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Источник: maralfm.kg