«Альянс-Алтын» компаниясы Таласта жардамга муктаждарга бекер көмүр таратты (сүрөт)

16 октября 2019
Версия для печати

Turmush -  Кечээ, 15-октябрда «Альянс-Алтын» компаниясы тарабынан Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жардамга муктаж болгон 100 үй-бүлөгө 500 кг көмүр таратылды. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, компания тарабынан социалдык муктаждыктарды жоюу максатында 1 айлык программа кабыл алынган. Анын алкагында 100 үй-бүлөнүн ар бирине 500 кг көмүр таратылды.

«Жалпы 50 тонна көмүр түшүрүлгөн. Бул жардамга муктаж майып адамдарга, жаш, көп балалуу мугалимдерге таратылды. Бул социалдык программанын негизинде алдыда көп иштер жасалат», - деди ал.
 

Источник: Turmush